Аккредитация
АККРЕДИТАЦИЯ
Аталышы Жумушчу топ Иш план
1 Институционалдык аккредитация шилтеме шилтеме
2 Башталгыч класстарда окутуу шилтеме шилтеме
3 Мектепке чейинки билим берүү шилтеме шилтеме
4 Социалдык иштер шилтеме шилтеме
5 Дене тарбия шилтеме шилтеме
6 Дизайн шилтеме шилтеме

Программа жетекчилеришилтеме

Жанылыктар

2022-жылдын 21-ноябрында ББСБнын башчысы М.Алтыбаева колледждердин административдик кенешинин мүчөлөрүнө институционалдык жана программалык аккредитациядан өтүү боюнча жыйын өттү. Жыйынга индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору О.А.Шаимкулов, бөлүм башчылар, ПЦК төрага, төрайымдары, окуу-усулдук кеңештин төрайымы, программа жетекчилери катышып, кенири маалымат берилди. Институционалдык аккредитация НААР агенствосунан, программалык аккредитация EDNET агенствосунан өтөөрү маалым болду.


2022-жылдын 12-декабрында EDNET агенствосунан эксперт келип, орто кесиптик билим берүүдөгү программаларга EDNETтин жетектемеси боюнча өздүк отчетту жазуу боюнча консультация өттү. Индустриалдык-педагогикалык колледждин программа жетекчилери абдан активдүү катышып, суроолорго жооп алышты.



2023-жылдын 18-февралында ИПКда билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүү үчүн даярдалган 5 адистиктин өздүк отчетторун талкуулоо болуп өттү. Талкууга ОшМУнун ББСБнын өкүлү А.Раимова консультация берди. Анда жумушчу топтун мүчөлөрү, программа жетекчилери, бөлүм башчылар, окуу-усулдук кеңештин төрайымы катышып, стандарттар боюнча кандай иштер жүргузүлүп жатканы тууралуу маалым болду. шилтеме



2023-жылдын 16-17- 20-мартында ИПКнын 2-3- курсунун студенттеринен жалпы адистиктер боюнча билим берүү сапатын текшерүү үчүн (срез знаний) мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг алуу учурунда ББСБнын өкүлү Ш.О.Бакирова, ИПКнын окуу-усулдук кенешинин төрайымы Ө.Р.Шаимкуловалар көзөмөлдөшүп, тиешелүү окутуучулар жардам беришти.


2023-жылдын 18-апрелинде ИПКда ИОКко 5 адистиктин программа жетекчилери өздүк отчеттун мазмуну менен тааныштырды. Аккредитацияга кандай даярдыктар көрүлүп жатканы боюнча директор О.А.Шаимкулов маалымат берди.


2023-жылдын 3-февралында С.С.Мамаев ОшМУнун ББСБ тарабынан уюштурулган “Алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана жаш окутуучуларга методикалык жардам берүү” максатында пландалган иш – чарага карата “Шарттуу операторлор” атуу темада университеттин денгээлинде ачык сабак өттү. Бул ачык сабакка ОшМУнун ББСБ өкүлдөрү, МИТ факультеттин жаш окутуучусу, методикалык төрайымы, колледждин жаш окутуучулары катышты.