9

КАФЕДРАНЫН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ:

ü Факультеттердин НББПна ылайык педагогикалык билим берүү багыты боюнча мугалимдик адистиктеринде кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды алып баруу;

ü Окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;

ü Студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу;

ü Студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адис катарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;

ü Педагогикалык багыттагы адистиктердеги студенттерди алган билимдерин практика жүзүндө пайдалана билүүгө калыптандыруу;

ü Окутууну практика менен тыгыз байланышта алып бару жана заманбап инновациялыкк технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;

ü Кафедранын ишин жогорку сапаттык деңгэээлде уюштуруу;

ü Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку илимий-усулдук деңгээлде алып баруу;

ü Кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;

ü Кафедранын илимий-методикалык иштерин уюштуруу;

ü Окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу-колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;

ü Кафедранын багыттары боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу;

ü Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;

ü Окуп-үйрөнүү, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;

ü Студенттер үчүн маданий, тарбиялык иш-чараларды жүргүзүү.