Научно-исследовательская работа

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Илимий семинар

«Казакстан Республикасынын илимий кызматкерлер күнүнө» карата 2023-жылдын 12-апрелинде ОшМУнун Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университеттин филиалында «Эл аралык илимий мейкиндиктеги студентчиликтин ролу» деген темадагы илимий семинар болуп өттү. ЕУУнун Филология факультетинин деканы, ф.и.к., доцент Бейсенбай А.Б. куттуктоо сөз менен чыгып, илимдин ролу жана маанисин, ЖОЖдор арасындагы кызматташуунун, эл аралык деңгээлдеги тажрыйба алмашуунун зарылдыгын баса белгиледи. Семинарга орус филологиясы факультетинин деканы, ф.и.д, профессор Мадмарова Г.А., дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы ф.и.к., доцент Сагындыкова Р.Ж., кош диплом программаларынын жетекчилери катышып, заманбап илимий мейкиндиктеги студенттердин ролу жана приоритеттик багыттар жөнүндө баяндамаларды жасашты. Кош диплом программасынын 1-курсунун студенттери (ОФФ-ЕУУ, ДТМФ –ЕУУ) баяндамалардын талкууларына катышып, суроолорду беришти.

Орус филологиясы факультетинде илим жумалыгы

ОшМУнун орус филологиясы факультетинде "Евразиялык этномаданий мейкиндигиндеги филологиялык билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттары" деген темада илим жумалыгы башталды. Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук унивекрситетинин ППК, НИУ БелГУ, КурганГУ, КР Росскызматташтыгы (Ош ш. орус үйү) ЕУУнин казак тили жана маданияты борборунун ОшМУдагы филиалы активдүү катышты.