ПЦКнын максатты жана милдеттери

Англис тили ПЦКсынын негизги милдети талапка ылайык бардык адистиктер боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруу болуп эсептелет.

  • Ар бир окутуучу өзүнүн окутуп жаткан предмети боюнча жогорку деңгээлде билимге ээ болуусу үчүн өзүнүн үстүнөн талыкпастан эмгектенип, квалификациясын жогорулатуу максатында илимий-усулдук семинарларга катышуу, өз билимин жогорулатуунун үстүндө иштөө;
  • Ар бир студентке толук кандуу теориялык билимди жеткирүү;
  • ПЦКга тиешелүү дисциплиналар боюнча өтүлгөн сабактарды кесипке байланыштырып өтүүгө шарт түзүү;
  • Студенттерди коомдук-тарбиялык иштерге катышуусун активдештирүүсүн колго алуу;
  • Ар бир адистиктер үчүн так, пайдалуу жана кызыктуу маалымат-ресурстук материалдар менен камсыз кылуу;
  • Студенттерди окутуунун ар түрдүү жаңы, өзгөчө интерактивдүү ыкмалар менен жеткиликтүү, сапаттуу билим менен камсыздоо;
  • Жалпы билим берүүчү предметтик сабактардан сырткары, студенттерге ар түрдүү коллеждер аралык дебат, конкурс, олимпиадаларга, ошондой эле университеттин иш-чараларына катышуулары үчүн мүмкүнчүлүк түзүү;
  • Студенттердин ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө туура көз карашын, эстетикалык тарбиясын калыптандырууда предметтин өзгөчөлүктөрүн пайдалануу;
  • Студенттердин келечекте өсүп өнүгүүсү үчүн татыктуу адистерди даярдоодо атайын орто кесиптик билим берүүгө жана кадрлардын сапаттык курамына көңүл бөлүү.