Эл аралык илимий байланыштар

Ташкент шаарындагы Мирзо Улугбек атындагы Озбек улуттук университети Ботаника жана осумдуктордун физиологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Маткаримова А.А. жана доцент Тургунова Ш.А. эжекелер 313-аудиторияда студенттерге конок-лекция отуп беришти. Кафедранын окутуучулары конокторду "Профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы" мене тааныштырып чыгышты. 19-декабрь, 2023-жыл






Ташкент шаарындагы Мирзо Улугбек атындагы Озбек улуттук университети Ботаника жана осумдуктордун физиологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Маткаримова А.А. жана доцент Тургунова Ш.А. эжекелер 313-аудиторияда студенттерге конок-лекция отуп беришти. Кафедранын окутуучулары конокторду "Профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы" мене тааныштырып чыгышты.






2022-жылдын 24-27-май күндөрү Россиянын Воронеж мамлекеттик университетинин чакыруусу боюнча ВМУга бардык, иш сапардын негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүү. Воронеж мамлекеттик университети менен кеңири таанышуу болду, факультеттеринде болдук, белгилүү окумуштуулар менен баарлаштык, университеттин ректораты жана ректору менен жоолугушуу болду жана биргелешкен программалар боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.
     
 Ботаника, жалпы биологиялык дициплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын доценти, б.и.к., О. Коланович жана ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыт берүү иштери боюнча проректор, б.и.к., доцент Т.К. Эркебаев  









2022-жылдын 10-11-июль күндөрү Ташкент шаарындагы Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Ботаника институтунуналдында түзүлгөн Борбордук Азиядагы алгачкы англис тилиндеги өсүмдүктөрдү үйрөнүүчү Plant Diversity of Central Asia (http://www.pdca.uz) илимий журанлынын башкы редактору, профессор Волис С., журналдын менеджери, молекулярдык филогения жана биогеография лабораториясынын башчысы, профессор Юсупов З. жана кенже илимий кызматкери Эргашов И. Ош мамлекеттик университетинде болуп кетишти. Илимий журналдын алгачкы саны менен тааныштык. Ош областынын жаратылышы өзгөчө айрым жерлерине бардык, аларды айрыкча ОшМУнун ботаникалык багындагы Кыргызстандын Кызыл Китебине сейрек, жоголуп бараткан түр катары киргизилген эндемикалык түрлөрдү өстүрүүчү питомниктеги түрлөр кызыктырды. Келечекте журнал менен кызматташуу, биргелешкен илимий долбоорлорду аткаруу иштери пландалды.


            
       2022-жылдын 1-2-декабрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Мукуми атындагы Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун табигый илимдер факультетинин деканы, химия илимдеринин доктору Хужаев Вахобжон Кмарович баштаган химия кафедрасынын башчысы, профессор Очилов Голибжон Мамаюнусович, биология илимдери кафедрасынын башчысы (PhD), доцент Мадумаров Максатжан Жуманович жана география жана экономика илимдеринин негизи кафедрасынын башчысы (PhD), доцент Адуназаров Лутфилло Мамановичтер 21 студенти менен ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде болушту.