Кураторлор

Физика-техника факультетинде ата-энелер.

Физика адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери адистикти даярдоодогу сапат, материалдык –техникалык база, студенттин алган билимине канааттаануу, келишимдик бааны төлөө, ата-энелер менен байланыш, адистиктин жана ОшМУнун коомдогу орду жана башка суроолору камтылган анкеталарды толтуруп, ЭТФ кафедрасынын жамааты менен пикир алмашты.


    Ден-соолук жана сулуулук окуунун өбөлгөсү!

      ФЕ(б)-1-14 тайпасынын куратору, Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, профессор Б.Арапов куратордук сааттарында пландаштырылган темалар боюнча өз тайпасынын студенттерине ары кызыктуу, тарбиялык мааниси жогорку деңгээлде өтүлүүдө. Студенттерге жеткиликтүү болуусу үчүн тарбиялык сааттын темасына жараша бөлүмдөр менен өз ара келишим түзүп, аталган жерлерге студенттер барып, таанышып, үйрөнүп келишти. Тарбиялык сааттын өтүлүүсүндө студенттер менен кафедранын улук лаборанты Г. Токторбаева иш алып барды. Атап айтсак, март айында “Ааламдын көркү аялзат” деген темада сулуулук салондорунун адистери менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул жолугушууга “Дарья” сулуулук салонунун жетекчиси Дарья Батырханова жана Faberliс сулуулук компаниясынын өкүлү, мастер Айпери Ысмаиловалар келишип, тайпанын студенттерине өзүн-өзү дайыма окуу жайда көрүнүктүү алып жүрүүсү үчүн кеп-кеңештерип беришип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.















Апрель айынын экинчи жумалыгында, “Ден-соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнү” деген темадагы куратордук сааты, ОшМУнун медицина факультетинин виртуалдык клиникасында өтүштү. Ал жерде, виртуалдык лабораториянын башчысы, мед.и.к., доцент С.Жолдубаевтин жетекчилиги менен таанышылып, ден соолукту кам көрүүнү, оорулуу адамга көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдарды үйрөтүп, адамдын ички органдарынын түзүлүшүн практикалык жактан көрсөттү. Студенттер ден соолукту кам көрүүдөгү көптөгөн маалыматтарды ала алышты.
    


Ата-энелер менен жолугушуу

ФЕ(б)-1-20- группасынын 3-курсунун студентти Улукбек уулу Нурбакытдын чоң атасы , Джумалиев Самидин аксакал менен ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев жана ушул группанын куратору, ага окутуучу А.Жапаркулов менен жолугушуу болду. Небересинин окуудагы ийгиликтери ж.б. маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, небересинин илимпоз болуусуна шарт тузөөрүн баса белгиледи.


Мыкты куратора -2023

ОшМУда өткөн «Мыкты куратор -2023» конкурсунда, ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу Асылбек Жапаркулов ФЕ(б)1-20 группасы байгелүү 2-орунду жеңип, диплом жана 15000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Агайдын жана группасынын жеңиши жана ийгилиги менен куттуктайбыз. ОшМУнун, факультеттин жана кафедранын аброю – бул жеңиш.



Ата-энелер менен болгон жолугушуу!

2023-жылдын 16-июнь күнү ФЕ(б)1-22 тайпасынын ата-энелери менен ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев жана аталган кафедранын улук окутуучусу, ФЕ(б)-1-22 тайпасынын куратору А.Орозбаева жыйын өткөрдү. Жалпы жыйынга 16 ата-эне катышты. .Жыйында 13 студентке жыл ичинде окууда жетишкен ийгиликтери жана маданий иш-чараларга активдүү катышкандыктары үчүн факульттеттин атынан ыраазычылык кат берилди. Ошондой эле, ата-энелерге куратору А.Орозбаева ар бир студенттин жүрүм-туруму тууралуу маалымат берип, сабакты көп калтырган студенттердин ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр болду. Кийинки окуу жылына карата бир топ маселелер талкууланып, көйгөйлөр чечилди.


Куратордук иш-чаралар!!!
Кафедранын окутуучулары студенттер менен тыгыз байланышта болуп турушат. Белгилей кетсек, жыл ичинде куратордук тайпалары менен окутуучуларыбыз иш-пландарына ылайык бир нече иш-чараларды өткөзүштү. РМТс9-1-16 тайпасынын куратору Садыкбекова А. жана РМТс9-1-17 тайпасынын куратору Аманбай к. Айсулуу өз группалары менен “Эстеликтердин жана тарыхый жайлардын Эл аралык ” күнүнө карата Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине саякат уюштурушкан. Эл аралык театр күнүнө карата “Дарак ыры” кинотасмасына ФЕ(б)-1-14 жана РМТс9-1-16 тайпалары кураторлору менен биргеликте барышып, эс алып, кинодон руханий-эстетикалык тарбия алып кайтышкан. ФЕ(б)-1-14 тайпасы “Тынчтык жана зордук зомбулук” деген темада куратордук саат өтүшүп, сабак учурунда куратору Токторбаева Г. тынчтык, зордук-зомбулук боюнча презентация жасап, видео ролик көрсөтүлүп, тема боюнча тайпа менен кызуу талкуу болду. Жыйынтыгында, студенттер өздөрүнө көптөгөн тарбиялык максаттагы маалыматтарды ала алышты. ЭТФ кафедрасынын кураторлору иш пландарында көрсөтүлгөн, “Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук” күнүнө арнап, 13.04.2018-ж. күнү өз тайпалык студенттерине ОшМУнун медициналык колледжинин терапиялык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Арзиева Абиба менен жолугушуу уюштурушту. Жолугушуу учурунда А. Арзиева “Ашказан оорууларынын түрлөрү” деген темада доклад окуп, презентация жасады. Жолугушууну кафедра башчысы, профессор Б. Арапов ачып берди. Доклад учурунда, ашказан оорууларынын түрлөрү, келип чыгуу жолдору, алдын алуу ж.б. тууралуу кеңири маалыматтар айтылып, студенттер арасында кызуу талкуу жаратты. Жолугушууга активдүү катышкан ФЕ(б)-1-14, РМТс9-1-16, РМТс9-1-17 тайпаларынын студенттери. Ал гана эмес, жатаканада жашап жаткан студенттеринен да тез тез кабар алып турушат. Атап айтканда, ФЕ(б)-1-14 тайпасынын жатаканада жашаган студенттери менен Г. Токторбаева жолугуп, кабар алып кайтты. Студенттердин ата-энелери менен да кафедра байланышты күчөткөн. Ар бир куратор ата-энелер үчүн Whatsapp конференция түзгөн. Ал жерден ата-энелерибиз студенттердин күнүмдүк жаңылыктары менен кабардар. Андан сырткары, жыл ичинде ата-энелер менен биргеликте кафедра мүчөлөрү чогулуш уюштуруп турушушат.