HSK - тест жөнүндө жалпы маалымат

1. HSK - тест жөнүндө жалпы маалымат

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетиндеги окутуунун эффективдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү бул - эл аралык стандарттагы HSK кытай тилиндеги тестирлөөнүн жыйынтыктары болуп эсептелет.

(Эскертүү: HSK – деген бул, "汉语 水平 水平" ("Hànyŭ Shuǐpíng Kǎoshì") экзамендин кытайча аталышынын кыскартылышы. Бул сынак эне тили кытай тили болбогон адамдарга (чет элдик жарандар, иммигранттар, кытайдагы улуттук азчылыктар) арналган. Кытай тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында иштелип чыккан. Сынактан өткөндөн кийин эл аралык сертификат берилет)

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин базасында, Кытайдан келген ыктыярдуу-окутуучулар тарабынан ай сайын HSK тестирлөөсү өткөрүлүп турат. Кытай тилин үйрөнүп жаткан ар бир адам тестирлөөгө катыша алат. Жазуу жүзүндөгү экзамен төмөнкү деңгээлдерге бөлүнөт: HSK (биринчи деңгээл), HSK (экинчи деңгээл), HSK (үчүнчү деңгээл), HSK(төртүнчү деңгээл), HSK (бешинчи деңгээл), HSK (алтынчы деңгээл). Жазуу жүзүндөгү экзамендин упайы 180 баллдан жогору. HSK оозеки сынагы тестирлөөчүнүн сүйлөө жөндөмүн текшерип, баалайт. Жазуу жүзүндөгү экзамен төмөнкү деңгээлдерге бөлүнөт: баштапкы деңгээли (初级), ортоңку деңгээл (中级), жогорку деңгээл (高级). Оозеки сынактын өтүү упайы 60 баллдан жогору.

Факультетинин студенттери үчүн окутуучулар тарабынан Кытай тилин өздөштүрүүдө HSK 4-деңгээлине жетишүү талабын коюшту. Расмий түрдө HSK тапшыруу зарыл эмес, бирок жазуу жүзүндө жана оозеки HSK тестирлөөдөн жогорку упай алган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларына гранттык негизде (1-2 семестрге) окуу үчүн, стипендия алуу менен мүмкүнчүлүк алышат. Ошентип, HSK тесттин жыйынтыгы боюнча, биздин факультет жыл сайын 50дөн ашуун студенттерди Кытайдын алдыңкы университеттерине 1,2 семестрге кытай тилинде тил практикасынан өтүүгө жиберет. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк, факультеттин студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүн камсыздайт, ошондой эле, бул дагы ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин билим берүү программасынын натыйжалуулугунун көрсөткүчү деп билсек болот.