Миссия
Ош Мамлекеттик Университетинин илимий китепканасы окуу жай менен чогуу 1939 - жылы ачылып,тарыхта көрсөтүлгөндөй Ош Мамлекеттик Университетинин миссиясын өзүнүн чакырыгы катары көрүү менен бирге университет жамаатынын маалыматтык муктаждыктарын канаттандырып келет.

Илимий китепкана университеттин студенттерин, окутуучу-профессордук курамын, изилдөөчүлөрүн жана өзүнүн өнөктөштөрүн инновациялык китепкана менен камсыздоо жана жаңыча кызмат көрсөтүү аркылуу Ош Мамлекеттик Университеттиндеги илимдин жана билимдин сапатын жогорулатууну өзүнүн миссиясы катары көрөт.

Негизги максаттар



Университеттин факультеттеринде жана илим изилдөөчү бөлүмдөрүндө биргелешкен аракеттерди кеңейтүү менен маалыматтык китепкананын ресурстарын калыптандыруу. Китепкананын өнүгүүсүн ресурстук борбор катары изилдөөчүлөргө, окутуучуларга жана студенттерге кепилдик берип, аларды зарыл болгон маалыматтар менен камсыздоо.

Окутуучу-профессордук курамдын жана изилдөөчүлөрдүн иш аракеттерин ар бир этапта колдоочу заманбап маалыматтык продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүп чыгуу жана сунуштоо; Илимий китепкананын бардык ресуртарына анын ичинде Ош Мамлекеттик Университетинин басылмаларына дүйнөлүк маалыматтык чөйрөдө мүмкүнчүлүк жаратып берүүгө шарт түзүү.

Маалыматтык маданияттын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана студенттердин, аспиранттардын, окутуучулардын изилденүү компетенттүүлүгүн жакшыртуу.

Ачык инновацияда болуу. Техникалык жана китепкананын кызматтын көрсөтүү жаатында алдыңкы катарда болуу; Кыргызстандагы окуу жайларындагы китепкана коомчулугу менен кесиптик тажрыйбаларды бөлүшүү.

Ош Мамлекттик Университетинин илимий китепканасындагы кайталангыс китептердин топтомун жана алардын дүйнөлүк маалымат чөлкөмүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн кийинки муунга жаратып берүүнү камсыздоо