Бильярд-2023
Бильярд 2023-жылдын 19-февралында физика-техника факультетинин профбюросу тарабынан уюштурулган бильярд боюнча мырзалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Факультеттин мырзалары өз ара мелдештин жыйынтыгында 23-февралга карата ОшМУнун профсоюз комитети уюштура турган мелдешке жеңүүчүлөрдү аныктап алышты. Мелдештин жыйынтыгында 40 жаштан жогоркулар арасында “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев, 40 жашка чейинкилер арасында “Энергетика” кафедрасынын окутуучусу Ж.А.Жумакуловдор жеңишке жетишип, ОшМУнун мырзалары арасында өтүлүүчү мелдешке жолдомо алышты. Жеңүүчүлөр тиешелүү дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.