Келишимдер
      Өзгөн эл аралык медициналык колледжи Казакстандын медициналык колледждери менен кызматташат
2023-жыл 5-майда Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Озгонбай Тиллабаевич Казахстан Республикасына иш сапары менен барып, Атырау жогорку медициналык колледжинин 75 жылдыгына арналган «Медайымдык иштин өнүгүүсү: мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү, келечеги» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференцияда О.Т.Станбаев "Кыргыз Республикасындагы орто медициналык билим берүүдөгү реформалар" темасында доклад жасады.
Казакстандын «Медициналык колледждер союзу» ЮЖБсинин төрайымы Б.Н.Рузденова менен ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору О.Т.Станбаев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.


ӨЭАМК Өзбекстандын медициналык окуу жайлары менен кызматташууда
Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжи жана Өзбекстандын Бухара шаарында жайгашкан Абу Али ибн Сино атындагы Бухара мамлекеттик институтунун коомдук саламаттыкты сактоо медициналык техникуму менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.


      Кыргызстандагы медициналык колледждер менен келишим түзүлдү
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи Кыргызстандагы медициналык колледждер менен окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу максатында 2019-2023 жылдарга келишимде түзүлгөн.
2022-2023-окуу жылында келишимдер мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу дагы 5 жылга 2023-2028-жылдарга кайрадан келишим түзүлүп, Кыргызстандагы башка 25 медициналык колледжер менен кызматташууга кол коюлду.