02.12.2022. Медицина факультетинин жаштар комитетинин демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата өткөрүлгөн акцияны жыйынтыктап, Ош шаарындагы көзү азиздер жана көрүүсү начар балдар мектеп интернатына барып, балдарга жылмаюу тартууладык. Аталган мектептин бүтүрүүчүсү Мурзалиева Айтурган учурда медицина факультетинин 1-курсунун лб-1-22 тайпасынын студенти. Озүнүн мектебине тайпалаштары менен барганына абдан кубанды. Жакындан жардам берген гистология жана патанатомия кафедрасынын лб-1-22 жана лб-2-22 тайпаларынын студенттери жана кураторлору Жаныбек кызы Каныкей жана Г.Т.Джолдошевага, акцияга катышкан медицина факультетинин студенттерине терен ыраазычылык билдиребиз!
12.12.2022. Кыргыз элин , дүйнө жүзүнө тааныткан залкар жазуучубуз - Чыңгыз Айтматовдун 94-жылдыгына карата "Дүйнөнү дүңгүрөткөн - Айтматов" аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү.