РАЗЗАКОВ А.К

Раззаков Азизбек Кокоевич

1970-жылдын 1-февралында Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. 1977-1987- жылдары Куршаб айылынын «Ы.Бектемиров» атындагы орто мектебин окуп бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, 8 баласы бар.

Азыркы мезгилде Ош МУнун медицина факультетинин «Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия» кафедрасынын доценти, фармацевтика илимдеринин кандидаты.

1992-жылы КММИнин фармацевтикалык факультетин аяктаган. Алган кесиби – провизор (жогорку билимдүү фармацевт).

Илимий жана эмгек жолу 1992-жылы институтту аяктагандан кийин Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун соттук-химия бөлүмүндө башталган. 1992-1998-жылдары жогоруда аталган бюродо эксперт-токсиколог кызматында иштеген.

1997-жылынын 28-ноябрында С.Д.Асфендияров атындагы Алматы медициналык университетинде кандидаттык диссертация жактаган. Илимий темасы: «Налидикс кычкылын химиялык- токсикологиялык изилдөө».

1998-жылдан бери Ош МУнун медицина факультетинде эмгектенет жана ОшМУнун «Мыкты кызматкери» тъш белгисинин ээси. 2006-2009 жылдары «фармация» кафедрасын жетектеген.

Раззаков А. К. өзүнүн эмгек жолунда 25тен ашык илимий макалаларды жазган жана окуу- методикалык колдонмолорду иштеп чыгарган. Анын илимий изилдөөрүнүн негизинде Кыргыз республикасынын саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу сотттук-медициналык экспертиза бюросунун жана Алматы шаардык муниципалдык соттук-медициналык экспертизасынын тажрыйбаларына, ошондой эле КММИнин фармацевтика факультетинин окуу процессине 4 өндүрүштүк актылары киргизилген.

2015-2022-жылдары Раззаков А. К. ОшМУнун медицина факультетинин «Базистик жана клиникалык фармакология курсу менен фармацевтикалык дисциплиналар» кафедрасын жетектеген. А.К. Раззаковдун жетекчили алдында аталган кафедра эмгек жамааты менен 2017-жылы «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КАФЕДРАСЫ - 2017» номинациясына ээ болушкан, ал эми 2019-жылы жылдын мыкты кафедра башчысы номинациясына ээ болгон.

Окуу-методикалык иштерди жакшы түшүнът жана уюштура алат. Окуу-методикалык иштеринде, билим берүүдө жана тарбия иштеринде кошкон салымдары үчүн Азизбек Кокоевич ОшМУнун ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. ОшМУнун ънгшндъ жана жаш фармацевтикалык адистерди даярдоодо ъзнн болгон интеллектуалдык потенциалын аябай эмгектен\дъ.