Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чаралар
2023-жылдын 2-декабрында ОшМУнун Эл-аралык медицина факультетинин хирургиялык дисциплиналар травматология курсу менен кафедрасында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Окуучулар ВИЧ инфекциясы, жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат алышты. Бул иш-чара студенттердин СПИДге каршы күрөшүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет. Бардык окуучуларга СПИДге каршы күрөштүн символу катары кызыл тасмалар тапшырылды. Студенттер өздөрүнүн презентацияларын, видеороликтерин, дубал гезиттерин көрсөтүп, ооруну сүрөттөп, ВИЧ/СПИДди алдын алуу боюнча маанилүү маселелерди көтөрүштү.