Окутуучулар

Мобилдүүлүк


ОшМУнун делегациясы Өзбекстанда эл аралык конференцияга катышты

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Өзбекстандагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде академик Махмуд Салахитдиновдун 90 жылдыгына арналган “Дифференциалдык теңдемелердин заманбап маселелери жана алардын колдонулушу” аттуу эл аралык конференцияга катышты. Конференцияда ректор Кудайберди Кожобеков: “Академик Салахитдинов физика-математика илимдеринин 9 докторун жана 38 кандидатын даярдап чыгарган, алар окумуштуунун чоң илимий-педагогикалык мектебинен өтүп, азыр Өзбекстандын жогорку окуу жайларында жана илимий уюмдарында илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн Өзбекстандын жана анын чегинен тышкары жерлерде, анын ичинде Кыргызстанда да улантып жатышат. Учурда Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларында Ташкентте кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактаган 20дан ашуун окумуштуулар эмгектенишет. Бүгүнкү күндө ОшМУ Өзбекстандын ЖОЖдору менен алгылыктуу кызматташып келүүдө. Анын ичинде Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары жакшы жолго коюлган”, -деди.

Иш сапардын алкагында ректор Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде учурда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, пикир алышты. Андан сырткары Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Раима Ширинова менен жолугуп, эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү, илим изилдөө, студенттердин, окутуучулардын ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча кызматташуу багыттарын талкуулашты.


1. Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында Ош мамлекеттик университети менен өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институнун ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча ФерПИгеконок лектор болуп жана күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган тизмедеги студенттер кыска мөөнөттө окуп келүүсүнө уруксат берилсин.

ОшМунун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын кафедра башчысынын м.а. улук окутуучу, Акматов Абдилазиз Алиевич конок лектор катарында барып келди жана Цингулярдык козголгон маселенин чечимин изилдөө деген темада доклад окуду.

ОшМунун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын ф.м.и доценти Мурзабаева Айтбу Бусурманкуловна конок лектор катарында барып келди.

ОшМунун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын Абдилазизова Акбермет Абдижалиловна конок лектор катарында барып келди.