Стейкхолдерлер менен жүргүзүлгөн иш-чаралар

Стейкхолдерлер менен байланыш

МИТ факультети тарабынан 2021-жылдын 22-апрелинде "Санариптик технологиялар аркылуу өндүрүштүк практикаларды уюштурууда ЖОЖ+ӨНДҮРҮШ+СТУДЕНТ" аттуу стейкхолдерлар менен семинар болуп өттү

2024-жылдын 15-февралында ОшМУнун МИТ факультетинде иш берүүчүлөр менен биргеликте “Практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусу” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга мамлекетибиздин түштүк региону боюнча кырктан ашуун мекеме-ишканалардын, бизнес уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, чет өлкөлүк өнөктөш Ташкент маалымат технологиялар университетинен коноктор катышып, баяндамаларды жасашып, заман талабына зарыл адистерди даярдоого олуттуу сунуштарын беришти. Семинардын жүрүшүндө ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Н.К. Омуров, ОшМУнун инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректору К.К. Токторов, ОшМУнун практика жана карьера борборунун жетекчиси Т.К. Матикеев, доцент А. Батыралиевдер сөз сүйлөштү жана ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, МИТ факультетинин кафедра башчылары А.Ө. Келдибекова, А.Ж. Кудуев, Б.А. Азимов, А.М. Токторбаев, У.З. Эркебаевдер практиканын түрлөрү, өтүлүшү жана максаттары тууралуу баяндамаларды жасашты. Бул иш-чаранын модератору болуп, факультеттин деканынын милдетин аткаруучу, доцент Т.М. Жолдошов иш алып барды. Иш-чаранын жыйынтыгында бир нече ишканалар менен келишимдерге кол коюлуп, меморандум түзүлдү, резолюция кабыл алынды.

20-февраль күнү башкы корпустун чоң актылык залында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Самат Ашимжанович , жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкери Мурзабеков Исакбай Камалович , кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Жумабай уулу Ибрахим, ОшМУнун Коопсуздук кызмат болумунун башчысы Арзиев Нурлаким Маматкулович студенттер менен жолугушуп төмөнкүдөй суроолорду жана маселелерди талкуу кылышты : ОшМУнун коопсуздук кызматы: 1. Университетте жүрүм-турумдун ички эрежелеринин талаптарын түшүндүрүү, тартипти сактоо жана укук бузууларга жана бейбаштыкка жол бербөө. 2. Тарбиялык жана дисциплинардык мүнөздөгү коомдук тартипти бузуучуларды окуу жайдан чыгарууга чейинки көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө. 3. Жасалган кылмыш үчүн жазалардын даражаларын жана түрлөрүн белгилөөчү кылмыштардын түрлөрүн аныктоочу жазык мыйзамдарынын ченемдери; 4. Мыйзам ченемдери жана тигил же бул жосундар жана кылмыштар үчүн жазанын даражасы. Кенже курстун студенттеринен акча чогултуу, ошондой эле формалдуу эмес топторду уюштуруу же аларга кошулуу үчүн жазанын сөзсүз болушу; Ош шаарынын ИИБ кызматкерлери: 1. Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "опузалоо", "киши өлтүрүү", "өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү", "зордуктоо", "үй-бүлөлүк зомбулук", "кылмыштуу коом түзүү же ага катышуу", "никеге туруу максатында адамды уурдоо", "улуттар аралык кастыкты козгоо" ж. б. беренелери боюнча классификацияланган өспүрүмдөр жана жаштар кылмыштары жөнүндө түшүнүктөр.; 2. Укук бузууларга жол берген адамдарды эсепке алуу боюнча ИИБ КИИнин ченемдери жана көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү иш чарага окутуучулар жана МОАИС(б)-1-20, МОАИС(б)-1-22 тайпаларынын студенттери катышышты.