Илимий иш сапарлар, конф. симпозиум жана семинарлар
PhD доктор илимий иш сапарда.

Ушул жылдын 25- 29- мартында ЭТФ кафедрасынын 1- курсунун PhD докторанты Юсупали уулу Залкарбек окуу планына ылайык, чет элдик илимий жетекчиси, АнМУ нун кафедра башчысы , т.и.д, профессор Роимжан Алиев менен илимий изилдөө иштеринин алкагында, эксперименталдык өлчөөлөрүн жүргүзүп келди. Изилдөө обьектиси “Кремний монокристаллын” изилдеп төмөнкүдөй жыйынтыктар алынды. 1. Фотоэлементтин вольт-ампердик характеристикасы изилденди; 2. Фотоэлементтин спектралдык характеристикасы изилденди; 3. Фотоэлементтин жарыктык (световая) характеристикасы изилденди; 4. Фотоэлементтин люк-ампердик характеристикасы изилденди. “Кристаллдык жана аморфттук кремнийдин фотоэлектрдик структурасын иштеп чыгуу” деген илимий изилдөө теманын үстүндө PhD докторанты Юсупали уулу Залкарбек иштейт.