Маданий иш-чара
Сентябрь айы даталуу күндөргө бай болгондуктан, кафедранын окутуучуларынын демилгеси менен “Эгемендүүлүктөн эмне таптык?”, “Билим күнү” деген темаларда талкуулар уюштурулуп, атайын 1 –курстар үчүн “Деканатка,кафедрага саякат” аттуу жумалыктын негизинде факультет менен тааныштырылды


Встреча с известными писательницами и поэтессами КР Тазагүл Закировой, Эльмирой Исаковой, Гүласал Алиевой и Бермет Закировой, посвященная «Международному женскому дню 8- марта», в рамках празднования 85-летнего юбилея ОшГУ была организована и проведена преподавателями и студентами кафедры «Американистики и перевода» 4 марта, 2024 года.


Американский центр

Америкалык борбор- Американын саясий, социалдык жана маданий турмушу тууралуу маалыматты гана сунуш кылбастан, колдонуучулардын тилдик жана билим берүү муктаждыктарын канааттандырган Америка маданиятынын борбору болуп саналат.

Америка борбору талкууларды, тематикалык көргөзмөлөрдү, ар кандай майрамдарды, семинарларды, лекцияларды сунуштайт. Маалымат борбору АКШнын билим берүүсү тууралуу да маалымат берет. Окуучулар жана студенттер ар кандай эл аралык сынактарга (TOEFL, GMAT) даярдана алышат жана АКШ департаменти тарабынан каржыланган алмашуу окуу программалары тууралуу маалымат ала алышат. Борбордун максаты - Америка Кошмо Штаттарынын тарыхы, маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары тууралуу адабияттарды жайылтуу. Америкалык борбор англис тилиндеги видеолорду жана оюндарды да сунуштайт.

Америка борбору төмөнкү кызматтарды сунуш кылат:

- изилдөө иштери жана англис тилин окутуу үчүн керектүү жана кызыктуу маалыматтарды алуу

- АКШнын билим берүү программалары жана маданий алмашуу программалары жөнүндө колдонуучуларга кеңеш берүү

- Америка борборундагы китеп ресурстары

Америка борборунун 2020-2021-окуу жылына карата иш планы:

1-сентябрь - Эл аралык сабаттуулук күнү: талкуу

30-сентябрь - Котормочулар күнү: эл аралык конференция

13-октябрь - Колумб күнү: маалымат берүү сааты

31-октябрь - Хэллоуин: костюм кечеси

27-ноябрь - Ыраазычылык күнү: Маалымат берүү сааты

25-декабрь — Christmas day (христиан дининде - Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрам).— Рождество: музыкалык кече

14-февраль - Валентин күнү: сынак

8-март - International women’s day - Бүткүл дүйнөлүк аялдар күнү: фотоконкурс

17-март - St. Patrick’s Day - Ыйык Патрик күнү маалымат берүү сааты

26-май - Memorial day - Эскерүү күнү: маалымат берүү сааты

14-июнь - Flag Day - АКШнын желегинин күнү, маалымат берүү сааты

4-июль - Happy Birthday America - Американын туулган күнү: Маалымат берүү сааты

AБ иш күндөрүнүн режими - 8:00дөн 17:00гө чейин дүйшөмбү - жума, ишемби күнү 9:00дөн 14:00гө чейин.

Дем алыш күнү: жекшемби жана майрам күндөрү

PS: Пландагы кошумча өзгөртүүлөрдүн бардыгы алдын ала кабарланат.