“Арууке” бий тобу
             



Жетекчиси "Токтогул Сатылганов-150" юбилейлик
медалынын ээси, хореограф Осмоналиева Алтынай.


      ОшМУнун "Арууке” бий ийрими 25-октябрь 2013-жыл түзүлгөн. Бул ийримде салттуу жанр бий өнөрү боюнча таланттуу студенттер таалим алышат. Сулуулук менен ийкемдүүлүктү айкалыштырып, түрдүү элдердин жашоо образын чагылдырып достукту, сүйүүнү артырып дүйнө элдеринин бийлерин бийлешет.
"Арууке" бий ийриминин репертуары: 13 кыргыз эл бийи бар;-"Эсимде", "Кыз узатуу", "Улуу көч", "Даткайым", "Сөң-Көл", "Маш ботой", "Ибарат", "Мезгил жаңырыгы", "Оп Майда", "Миң кыял", "Элечек", "Кара-Жорго", "Эргиме"
12 элдик бий;-индия бийи, философиялык, өзбек, корей, кытый, орус, испан, грузин, ирлан эл бийи, заманбап бий, вальс.
       Арууке бий тобу жаш талантардын шаардык, областык, республикалык жана эл аралык фестиваль кароо-сынактарга байма-бай катышып ийгиликтерди багындырып келет. 2013-жыл Турция, Стамбулда өткөн фестивалда жана 2014-Туркия, Анкара, Балыкесир, Анталияда, Кытайдын Үрүмчү шаарында, Туркменияда «Аваза-2014» фестивалында, 2016-жылы «Catalanca-2016» фестивалында, Стамбулда, Афиондо, Кипрде өткөн фестивалдарга катышып, лауреат болуп келген. Жыл сайын өтүүчү “Ала тоо жазы”, “Ош декларациясы” ж.б. башка шаардык, республикалык кароо-сынактарга, түдүү маданий масслак иш-чараларга, катышып келишет.
     
            Ийримге катышуучу студенттер: