Максаты жана миссиясы

ОШ МУнун миссиясы:

  • Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу;
  • Мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;
  • Борбордук азиядагы эң мыкты 5(беш) университеттин катарына кирүү.


  • БиМ факультетинин миссиясы

    Жаңы маалыматтык технологияларды жана чет тилдерин тереңдетип окутуп үйрөтүү менен заманбап рыноктук экономиканын талаптарына жооп бере турган финансы, экономика, бизнес, менеджмент, мамлекеттик жана башкаруу чөйрөсүндөгү жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.



    БИжЭМ кафедрасынын миссиясы

  • Жаамат менен иштеше ала турган, мамлекеттик жана официалдуу тилдерде эркин сүйлөй алган, ошондой эле ишмердүүлүк чөйрөсүндө чет тилинде баарлаша алган билимдүү инсанды калыптандыруу.
  • Студенттерди, алардын чыгармачылык активдүүлүгүн, жалпы маданий өнүгүүсүн жана социалдык мобилдүүлүгүн өркүндөтүүчү (камсыз кылуучу) инсандагы максаттуулук уюшумдуулук эмгекти сүйүү, жоопкерчиликтүү, максатка жетүүдө тырышчаак жана чыдамкай сапаттарга тарбиялоо.
  • Мекеме уюмдардын экономикалык ар кандай багыттагы ишмердүүлүгүн автоматташтыруу жана башкаруунун оптималдуу чечимдерин алуу үчүн информациялык системаларды долборлоого, иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө байланышкан практикалык жумуштарды ийгиликтүү жүзөгө ашыра алгандай математикалык моделдештирүү, экономика, менеджмент жана информациялык технологиялар чөйрөсүндө терең теориялык билимдерге жана бекем практикалык көндүмдөргө ээ болгон бизнес-информатика бакалаврларын даярдоо.