Биринчи курстардын эсине

Китепканага катталуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- Окуу жайга кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (жалпы тайпа);

- 3х4 эки даана сүрөт;

- Паспортунун көчүрмөсү.

Китепканага катталууда ар бир окурманга университет тарабынан окурмандык формуляр жана окурмандык билет берилет.

Илимий китепканадан пайдалануу:

Жаңы келген окурман же биринчи курстун студенттери китепканадан пайдаланууда төмөндөгү эрежелерди сактоо керек:

1. Китепканадан китеп алууда китептин ал-абалына көңүл буруу:

2. Китептин катталган № жана инвентардык № текшерип алуу;

3. Китептин формулярынын туура толтурулушун талап кылуу;

4. Китеп алууда өзүнүн аты-жөнүн туура, так жазуу;

5. Китеп алууда китептин барактары толук эмес , айрылган, булганган болсо ошол замат китепканачыга билдирип, башка китеп алуу.

6. Китептер белгилүү мөөнөткө берилет; өз убагында тапшыруу зарыл.

Китептин формулярына сөзсүз түрдө:

- инв. № , катар №

- китептин автору (толук),

- китептин аталышы(толук, туура),

- китеп чыккан жылы

- баасы ( рубль, сом)

(үлгү )

1.

704485/6412

Самусев Р.П.

Анатомия человека.

1995

385с

Мундузбаев А.

2.

Б-н

Тюкавкина Н.

Биоорганическая химия

1985

1.50

Топчубеков Б.

Окуу залдан пайдалануу

1. Окурман окуу залга келгенде окурмандык билетин көрсөтүү менен каттоо китепчесине катталат, окуу залдан пайдаланууга уруксат алат;

2. Окурман адабияттарды окуу үчүн окурмандык билетин көрсөтөт, китеп формуляры толтурулат: окурмандык билеттин номери, аты-жөнү, кол коет.

3. Китептин формулярында : китептин автору, аталышы, чыккан жылы, баасы, инвентардык жана каттоо номери жазылат. Китеп менен китептин формулярынын дал келишин текшерип, туура экендигине жана китептин барактарынын толук экендигине ынангандан кийин гана китепти алып окуса болот. Эгерде китептин барактары толук эмес, айрылган, булганган болсо ошол замат китепканачыга билдирүү менен алмаштырып алса болот.

4. Окуу залга өзү менен кошо китеп , гезит-журнал, башка материалдарды алып кирүүгө тыюу салынат.

5. Окуу залдан урауксатсыз китеп алып чыгууга катуу тыюу салынат. Эгерде уруксатсыз китеп алып чыкса эскертүү берилет. Китепкананын эрежесин одоно бузгандар китепканадан пайдалануу укугунан ажыратылат.

6. Окурман китепти тапшырууда каттоо китепчесине кол коет.