Берилген багыттар жөнүндө маалымат


580900 «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» даярдоо багыты боюнча бакалавр кесиптик иштин төмөндөгү түрлөрүнө карата даярдалат:

Бакалавр кесиптик ишинин түрлөрү:

  • уюштуруучулук-башкаруучулук;
  • маалыматтык-методикалык; 
  • коммуникативдик;
  • долбоордук;
  • көмөкчү-технологиялык (аткаруучулук);
  • окутуу-тарбиялык.

Бүтүрүүчү ага карата даярдала турган кесиптик иштин конкреттүү түрлөрү тиешелүү кесиптик стандарттын негизинде (болгондо) же кызыкдар иш берүүчүлөр менен биргеликте жож иштеп чыгуучу анын билим берүү программаларынын мазмунун аныкташы керек.

580900 «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» даярдоо багыты боюнча бакалавр НББП профилдик багыты жана кесиптик иштин түрлөрү менен тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү жана кесиптик стандарттагы (болгондо) милдеттерди чечүүгө даярдалышы керек:

Бакалаврдын кесиптик ишинин милдеттери

уюштуруучулук-башкаруучулук иш:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аткарууну уюштуруу;
  • башкаруучулук чечимдерди, анын ичинде ыйгарым укуктарды аткарууга багытталган укуктук актыларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, ишканаларда жана мекемелерде, саясый партияларда, коомдук-саясый жана коммерциялык эмес уюмдарда персоналды башкарууну уюштурууга катышуу;
  • башкаруучулук чечимдердин сапатын контролдоого жана административдик процесстерди жүзөгө ашырууга катышуу;

маалыматтык-методикалык иш:

  • башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтык маалыматтар базаларын түзүүгө жана актуалдаштырууга катышуу;
  • башкаруучулук чечимдерди маалыматтык-методикалык колдоо жана коштоо;
  • мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда жана мекемелерде, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда кызматтарды, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдарында, саясый партияларда, коомдук-саясый жана коммерциялык эмес уюмдарда административдик кызматтарды ээлеген адамдардын ишинин айрым маселелери менен байланыштуу маалыматтык-методикалык материалдарды даярдоо;
  • тиешелүү органдардын жана уюмдардын ишин маалыматташтырууга катышуу;

коммуникативдик иш:

  • тиешелүү органдардын жана уюмдардын жарандык коомдун институттары, массалык маалымат каражаттары, жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга катышуу;
  • тиешелүү органдардын жана уюмдардын коомчулук менен байланышын камсыздоого катышуу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун максаттарына жана милдеттерине ылайык коммуникациялык кампанияларды жана иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышуу;

        долбоордук иш:

  • уюштуруучулук системаларды долбоорлоого катышуу;
  • долбоорлорду даярдоодо жана жүзөгө ашырууда оптималдуу чечимдерди аныктоо максатында эсептөөлөрдү жүргүзүү;
  • долбоордук иштин жыйынтыктарын баалоо;

көмөкчү-технологиялык (аткаруучулук) иш:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин, саясый партиялардын, коомдук-саясый жана коммерциялык эмес уюмдардын негизги функцияларын, алардын административдик регламенттерин аткарууну кошумча камсыздоо.