Окутуунун натыйжалары

Окутуунун натыйжалары

230110 “Эсептөө техникалары каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багыты боюнча орто кесиптик билим берүү программасынын окутуунун натыйжалары (ОН)

НКББПнын ОНлары студенттин билимдерин, билгичтиктерин жана инсандык сапаттарын, кесиптик ишмердүүлүк маселелерин чечүүдө колдоно билүү жөндөмдүүлүктөрү аркылуу аныкталат. НКББПнын ОНларында бүтүрүүчүдө тиешелүү компетенциялардын калыптанышын камсыз болушу талап кылынат.

Окутуунун натыйжаларын иштеп чыгууда Программалоо кафедрасынын окутуучулары тарабынан студенттерге, окутуучуларга, бүтүрүүчүлөргө, жумуш берүүчүлөргө эмгек рыногунун жана мамлекеттин, сырткы стейкхолдерлердин сунуш, талаптары алынды.

 230110 “Эсептөө техникаларынын каражаттарын  жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багытынын студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө ОКББПны аяктагандан кийин кандай натыйжаларга ээ болуу керектиги жөнүндө бардык зарыл маалыматтар өз убагында эдвайзерлер, предметниктер жана кураторлор тарабынан жеткирилет.

 

Окутуунун натыйжалары (ОН)

Компетен-циялар

ОН-1

Жалпы жана кесиптик билимдерине таянып, маселелерди чечүүдө мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздар менен иштей алууга, англис тилиндеги техникалык маалыматтарды туура чечмелөөгө, коллективде жана өз алдынча туура чечим кабыл алууга, коомдук, моралдык жана укуктук нормативдик жоболорго негиздеп, мыйзам чегинде ишмердүүлүк жүргүзүүгө жөндөмдүү.

ЖИК-1, ЖИК-2, ЖИК-3, АК-3, СИЖМК-2,

ОН-2

Илим, техника жана кесиптик чөйрөдө традициялык жана инновациялык жаңы билимдерди өздөштүрүү менен маалыматты кабыл алууга, сактоо жана кайра иштетүү аркылуу билим топтоп, ал билимдерин уюштуруу жана башкаруунун чечимдерин иштеп чыгууга, социалдык жана ишмердик баарлашууну жүзөгө ашырууга жөндөмдүү

ЖИК-4, ЖИК-5, АК-1, АК-5,  АК-4

ОН-3

Ишмердүүлүк чөйрөдө эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды аныктоо, кураштыруу, инсталяциялоо, конфигурациялоо ыкмаларын, усулдарын жана тармак администраторунун функцияларын билет жана техникалык тейлөө боюнча базар экономикасынын талаптарына ылайык кесиптик жумуштарды логикалык туура, аргументтүү, ачык-айкын кеңеш берүү, үйрөтүү менен ишке ашырат.

АК-2, КК-10, СИЖМК-5, ЖИК-6, КК-6, КК-7, КК-13,

ОН-4

Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды текшерүүгө, алардагы бузулууларды аныктоого, каталарды жоюуга, оптималдуу аппараттык-программалык касыздандырууга жана профилактикалык жумуштарды туура жүргүзүүгө жөндөмдүү

КК-1, КК-2, КК-5, КК-28

ОН-5

Операциялык системаларды жана сервистик каражаттарды орнотот, алардын өзгөчөлүктөрүн жана иштөө принциптерин билет жана мындай каражаттарды ЭЭМди техникалык тейлөө жумуштарында колдоно алат.

КК-18

ОН-6

Алгоритм, программа, программалык жабдылыш, берилгендер базасы жана аларды иштеп чыгуунун каражаттары, принциптери жана түзүлүштөрдү, жабдыктарды, өлчөө каражаттарын тандоо жөнүндөгү билимдерге ээ.

КК-3, КК-4, КК-15, КК-19,

ОН-7

Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактардын, типтүү программалык жабдуулардын иштөө режимдердин жана эксплуатациялоо эрежелерин, тармакты күзөтүү, көзөмөлдөө, админстирлөө жана глобалдык компьютердик тармакта иштөөнү үйрөтөт.

КК-8, КК-9, КК-11

ОН-8

Өндүрүштүк ишмердүүлүктү уюштуруу, башкарууда негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү аныктоо, эсептөө жана баалоо, табиятты коргоо жана ресурстарды рацианалдуу колдонууну, активдүү граждандык позицияда элге сый, маданияттуу жана толлеранттуу аракеттерди жасай алат.

СИЖМК-1, СИЖМК-3,  КК-16,  СИЖМК-4, КК-25, КК-26

ОН-9

Эсептөө техникалары каражаттарынын энергия булактарынын көрсөткүчтөрү, параметрлери, принциптери, нормалары, о.э. перифериялык түзүлүштөр жана алардын иш-аракеттеринин физикалык негиздери, электротехника жана электрдик ченөөлөр жөнүндөгү маалыматтарды так билет. Электрондук техника жана микросхемотехника менен иш жүргүзө алат.

КК-21, КК-22, КК-23,

ОН-10

Микропроцессордук системалардын ЭЭМ архитектурасындагы ордун, арналыштарын, функцияларын жана мүнөздөмөлөрүн, микропроцессордун иштөө режимдери, эсти уюштуруу өзгөчөлүктөрү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, микроконтроллерлор, көп агымдуулук жана көп маселелүүлүк өзгөчөлүктөрүн уюуштуруу жөнүндө терең билимдерге ээ.

 КК-20

ОН-11

Колдонуудагы иштеп жаткан нормативдик жана маалымат булактардын, негизги жоболордун чегинде аткарылуучу жумуш көлөмүн, ресурстук чыгымдарды оперативдүү эсептөө аркылуу ишмердик баарлашууну жүзөгө ашырууда адекваттуу аракеттерди жана талаптагыдай техникалык документацияларды жасай алат.

КК-12, КК-14, КК-24,

ОН-12

Коопсуздук техникаларынын абалын аныктоону, анализдеп баалоону жана кырдаалга жараша аракеттерди, өндүрүштүк санитария, өрт коопсуздугу эрежелери жана эмгекти коргоо нормалары жөнүндө толук билет.

КК-17, КК-27

2.7.1. Окутуунун натыйжаларынын максаттарга дал келиши

Максат менен Окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы:

 

 

М1

М2

М3

М4

ОН-1

+

 

+

 

ОН-2

+

+

 

 

ОН-3

+

+

+

 

ОН-4

 

+

+

 

ОН-5

 

+

+

+

ОН-6

 

+

 

+

ОН-7

 

+

+

+

ОН-8

+

 

 

+

ОН-9

+

+

 

+

ОН-10

 

+

+

 

ОН-11

+

+

 

+

ОН-12

+

 

+

+