23-28 май 2022 ж. чейин ОшМУнун илимий делегациясынын курамында ф.м.и.д, профессор И.Г.Кенжаев, м.и.д., профессор Т.М.Мамаев, ф.м. и.д., профессор Курбаналиев А.А. Испания мамлекетинин Кадис университетине илимий ишмердүүлүктө чогуу аракеттенүү максатында атайын иш сапарында болуп келишти. Оштук делегация Кадис университетинин жетекчилиги, окумуштуулары менен жолугушуп, илимий багытта аспиранттарды, магистранттарды, PhD докторанттарды биргеликте даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашылды. Жаңы окуу жылында бул багытта испандык делегациянын келүүсү күтүлүүдө." >" >" >" >
ОшМУнун медицина факультетинин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын доценти, м.и.к. Муйдинов Фазлиддин Фаезидинович 2022-жылдын 25-май күнү Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмү, Иммунология жана физиология институту тарабынан өткөрүлгөн "Врач-пациент-общество" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Илимий конференцияда коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер каралды.ОшМУнун медицина факультетинин доценти, м.и.к. Муйдинов Фазлиддин Фаезиддинович 2022-жылдын 26-май күнү Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Урал мамлекеттик медициналык университетин эл аралык байланыштар боюнча проректору Флягин. М.А., үзгүлтүксүз медициналык билим жана аймактык өнүгүү боюнча проректор, м.и.д. профессор Сабитов А.У. жана Медико-профилактика факультетин деканы, м.и.к., доцент Косова А.А. менен жолугушту. Жолугушуу учурунда университеттер аралык түзүлгөн меморандумдун негизинде профилактикалык медицина багытында илимий практикалык иштерди өнүктүрүү, тажырыйба алмашуу, "медико-профилактикалык иши" адистигинде окуган студенттерге академиялык мобилдүүлүлүктү жолго коюу, аталган багытта илимий кошмо конференцияларды уюштуруу маселелери талкууланды. Илимий жана билим берүү багытында кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
4-5 мая 2022 года состоялась международная конференция на тему "Современная морфология и интеграция с клиническими дисциплинами" в г.Бухара, где участвовали больше десяти университетов из России, Белорусии (Пермский государственный медицинский университет,Петрозаводский государственный университет,Волгоградский государственный медицинский университет, Балтийский федеральный университет, Северо-Западный государственный университет,Военно-медицинская академия и т.д.) в основном представители кафедры анатомии, морфологии патологической анатомии судебной медицины. Выступления проводились в оффлайн и в онлайн режиме. Из медицинского факультета ОшГУ участвовали на научно-практической конференции сотрудники следующих кафедр "гистологии и патанатомии", "ЕНД" и "Внутренние болезни 2".