Бөлүмдүн максаты жана милдеттери

ПЦКнын максаты:

Максат 1: Студенттерди фундаменталдык билимдер менен камсыздоо, социалдык-инсандык сапаттарын өркүндөтүү: максатка умтулуучулук, уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, коминикативдик, укуктук аң-сезим, укуктук маданият; адептик, маданий баалуулуктарды, улуттук маданиятты калыптандыруу.
Максат 2: Мамлекеттин, коомдун, адамдардын укугун коргоо, коопсуздугун, укуктук тартипти камсыз кылуу, ченемдик-укуктук актыларды колдонуу, кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө көндүмдөрүнө ээ болгон, юридикалык документтерди даярдоо ыкмалары калыптанган, интеллектуалдык потенциалын өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүктө жүзөгө ашыра алган кесипкөй кадрларды даярдоо менен коомдун орто кесиптик билимдүү адистерге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу.

ПЦКнын милдеттери

1 .Билим берүү ишмердүүлүгүн уюштуруу жана мамлекеттик билим берүү стандарттын талаптарына жооп берген адистерди даярдоо;

2 .Орто кесиптик билим берүү аркылуу адамдын интеллектуалдык муктаждыктарын,маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүн канааттандыруу;

3 .Коомдун орто кесиптик билимге ээ болгон адистерге керектөөлөрүн канааттандыруу;

4. Студенттер арасында жарандык позицияны жана эмгекчилдикти калыптандыруу;

5. Коомдун моралдык жана маданий баалуулуктарын сактоо жана өркүндөтүү;

6. Окуу планда бекитилген лекция,семинар,практика жана башка сабактын түрлөрүн,окутуу формаларын сапаттуу уюштуруу;

7. Укук таануу,укук коргоо ишмердүүлүгү адистиктерин даярдоодо НКББПны рыноктун талабына ылайык стейкхолдерлердин сунуштарын эске алуу менен жыл сайын толуктап туруу;

8. Адистикке багыт берүү иштерин алып баруу;

9. Бөлүмдөгү окутуучулардын,студенттердин ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү максатында ЖОЖдордун колледжери менен байланыш түзүү.