2016-2017 окуу жылынын отчету

Ош мамлекеттик университетинин мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунда 2016-2017-окуу жылында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат

Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту тарабынан өткөрүлгөн иш чаралар

1. Илимий-практикалык конференция. 2016-жылдын 26-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Ош мамлекеттик университетинин мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту тарабынан “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр” аттуу регионалдык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференциянын максаты: бүгүнкү жалпы орто билим берүүчү мектептердин көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды чечүүгө карата идеялар, көз караштар, ой пикирлерди ортого салуу; алдынкы тажрыйбаларды, инновацияларды популяризациялоо; мектеп менен жогорку окуу жайынын арасындагы кызматташтыкты күчөтүү.

Конференциянын ишине Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын (дээрлик бардык райондору) билим берүү системасында эмгектенген 297 өкүл катышты, катышуучулар 200 - жалпы орто билим берүүчү мектептердин, 4 - жогорку окуу жайынын (Ош социалдык университети, Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы филиалы, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитартык педагогикалык институту), Ош билим берүү институтунун кызматкерлери жана төмөнкү билим берүү системасынын өкүлдөрү катышышты:

- шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары – 8;

- шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын усулчулары жана кызматкерлери – 32;

- мектеп директорлору – 76;

- Окуу бөлүмүнүн башчылары - 64

- чыгармачыл мугалимдер – 84;

- мугалимдердин билимин өркүндөтүү мекемелеринин кызматкерлери – 7;

- жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү – 26.

2. ОшМУнун окутуучуларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча аткарган иштери

ОшМУнун окутуучуларына кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча төмөнкү тренингдер уюшулду

тема

Катышкан окутуучулардын саны

Аткарылган мөөнөтү

1

Көп маданияттуу билим берүү

36

Апрель, 2017

2

Көп тилдүү билим берүү

33

Май, июнь, август, 2017

69

Сырткы байланыштар

3. 2016-жылдын 23-24-ноябрь күндөрү институттун директору ф.-м.и.к., доцент Ж.Артыкова Казахстан Республикасынын “Орлеу” мугалимдердин билимин өркүңдөтүү институттарынын Ассоциациясы тарабынан уюшулган«Трехъязычное образование: национальный и международный опыт» депаталган илимий конференцияга 2016-жылдын 23-24 ноябрь күндөрү барып катышып, “Планирование подготовки педагогов многоязычного образования на бакалавриатской ступени в Ошском государственном университете” деген темада доклад жасап келди.

4. 2017-жылдын 10-11-апрель күндөрү институттун директору ф.-м.и.к., доцент Ж. Артыкова Казахстан Республикасынын “Орлеу” мугалимдердин билимин өркүңдөтүү институттарынын Ассоциациясы жана Шымкент шаарынын мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту тарабынан уюшулган “Предметти жана тилди интеграциялап окутуу: өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары, реализациялоо жолдору” деп аталган методикалык семинарга тренер катары чакырылып, Шымкент шаарынын мектеп мугалимдерине тренинг өткөрүп келди.

5. 2017-жылдын 27-28-апрель күндөрү Казахстан Республикасынын Караганда шаарында өткөрүлгөн Орто Азия жана Казахстандын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында өткөрүлгөн Көп тилдүүлүк боюнча олимпиадага мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунун тренери Маматова Асылкан калыстар тобунун мүчөсү катары барып катышып келди.

6. Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту бул окуу жылында төмөнкү уюмдар (мекемелер) менен байланышта иш алып барды

Уюм/мекеме

максаты

Аткарылган иш аракеттер

1

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Социалдык интеграциялоо борбору менен кызматташуу

Көп тилдүү билим берүү программасы боюнча мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу иштери

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу иштерине институттун тренерлери Т.Жороев, Ж.Тойчуева, А.Маматова, Ж.Артыкова катышышты.

Көп тилдүү билим берүү программасына мониторинг жүргүзүү

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көп тилдүү мектептеринин көп тилдүү билим берүү программасына мониторинг жүргүзүү иштерине институттун тренерлери М.Асылкан, Ж.Тойчуева, Ж.Артыкова, Г.Борбоева, Т.Папиева, З.Абдышовалар катышышты жана мектептерге тиешелүү консультация берүү иштерин өткөрүштү.

2

ОГПИ, КУУ, Баткен мамлекеттик университети менен кызматтташуу

ЖОЖдо бакалавриат баскычында көп тилдүү педагогдорду даярдоо

Ош гуманитардык педагогикалык институттун, Кыргыз-өзбек университетинин педагогдорун көп тилдүү билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатуу иштерине Ж.Тойчуева, А.Маматова, Ж.Артыковалар катышышты.

ОГПИ, КУУ менен көп тилдүү билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу

Ош гуманитардык педагогикалык институту, Кыргыз-өзбек университети, Ош мамлекеттик уинверститетинин окутуучулары көп тилдүү билим берүү программасы боюнча сабактарга өз ара катышууларды уюштурду.

3.

United Nations Human Rights Эл аралык Коомдук Фондунун колдоосу менен

Көп маданияттуу билим берүү программасын жалпы орто билим берүү жана жогорку окуу жайларына кийирүү

ОшМУнун 33 окутуучусу көп маданияттуу билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатуу семинарларынан өтүштү.

4

ВКНМ ОБСЕ нин колдоосу менен

Көп тилдүү билим берүү боюнча мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү курсунун программасын иштеп чыгуу

Ж.Артыкова тарабынан “Предметти жана тилди интеграциялап окутуу боюнча мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу курсу” деп аталган 130 сааттык программа иштелип чыкты жана ОшМУнун Окумуштуулар Кенеши тарабынан бекитилди.

“Тилге окутууга коммуникативдик мамиле жана экинчи тилди окутуунун усулдары” боюнча курстун программасын иштеп чыгуу

А.Маматова, Ж.Тойчуева тарабынан “Тилге окутууга коммуникативдик мамиле жана экинчи тилди окутуунун усулдары” боюнча курстун программасы иштелип чыкты жана ОшМУнун Окумуштуулар кенеши тарабынан бекитилди.

5

ЮНИСЕФтин демилгеси менен

Көп тилдүү билим берүү программасын ЖОЖдорго кийирүүдө жаралган маселелерди талкуулоо

Апрель, июнь айларында ЦСИ, БатМУ, ОГПИ, КУУ мекемелери менен биргеликте видео-конференциялар өткөрүлдү

Тажрыйба алмашуу иш сапарлары

7. Баткен мамлекеттик университетиинин, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун, Кыргыз-өзбек университетинин 24 кызматкерлери2017-жылдын 6-7-апрель күндөрүОшМУда тажрыйба алмашуу иш сапарында болушту. Иш сапардын максаты ОшМУда көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыруу жана мектеп мугалимдерин көп тилдүү билим берүү багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу иштерин уюштуруу иштери менен жакындан таанышуу жана тажрыйба алмашуу.

Окуу жылында контракттык негизде уюшулган курстар/семинарлар жөнүндө маалымат

Курстардын аталышы

Угуучулар жөнундө маалымат

Угуучулардын саны

1

Бүгүнкү билим берүү көйгөйлөрү жана окутуунун жаңы технологиялары (60 сааттык тренинг)

БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык социалдык институтунун, Кызыл-Кыя социалдык колледжинин окутуучулары

31

2

Жаңы билим берүү стандартынын талаптарына ылайык сабактарды уюштуруу (18 саатык тренинг)

Юридикалык институттун окутуучулары

36

3

Окутуунун жаңы технологиялары

Кадамжай районунун Айдаркен зонасынын мектептеринин мугалимдери

67

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-гимназиясынин мугалимдери

26

Ош шаарындагы А.Алиев атындагы орто мектептин мугалимдери

24

4

Компьютердик сабаттуулук курсу

Ош шаары, Кара Суу районунун мектеп мугалимдери

18

5

География курсу

Ош шаарынын мектеп мугалимдери

11

6

Башталгыч билим берүү

Ош шаарынын мектеп мугалимдери

26

7

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу курсу

Ош шаарынын, Кара Суу, Баткен райондору

25

Жалпы

264

Мектеп мугалимдеринин билимин
өркүндөтүү институтунун директору Артыкова Ж.А.