КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасы

1. Кафедранын кыскача тарыхы. Информатика кафедрасы 1985-жылы Алгебра жана Геометрия кафедрасынын базасында «Эсептөө математика» кафедрасы деген ат менен түзүлгөн. 1986-жылы «Информатика жана эсептөө техникасы » кафедрасы деп кайра аталып, 1993-жылдан баштап «Информатика» кафедрасы, 1996-жылдан баштап физика-математика факультетинде жаңы адистиктердин ачылышына байланыштуу «Колдонмо математика жана информатика» кафедрасы, 2002-жылдан баштап кайра «Информатика» кафедрасы деп аталган.

2020-жылы "Информатика" кафедрасы 2 ге бөлүнгөндөн кийин, Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук, кафедрасы түзүлгөн.

Кафедра уюшулгандан баштап кафедра башчылары болуп иштегендер: к.ф.-м.н. доцент Ободоева Г.С. (2020-2021),
(2021-2022) Азыркы учурда кафедранын башчысы к.ф.-м.н. доцент У.З. Эркебаев жетектеп келет.

2. Азыркы учурда аткарып жаткан миссиясы. “Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук” багыттарын өнүктүрүү менен компетентүү адистерди даярдоону иш жүзүнө ашыруу.

3. Структурасы жана структура жетекчилери, алардын негизги милдеттери.

Азыркы мезгилде кафедрада 2 ф.-м.и.д., проф., 9 доцент, 6 улук окутуучу, 14 окутуучу, 1 улук лаборант эмгектенет. Информатика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчү 35% ды түзөт.

4. Учурдагы негизги ишмердүүлүк багыттары. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы Колдонмо информатика, Колдонмо математика жана информатика багыттары боюнча бакалавриат, магистратурада билим алган студенттерге, магистранттарга дисциплиналарды жогорку илимий-методикалык деңгээлде окутуп, тарбиялоо менен бирге заманбап жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого салым кошуп келишүүдө.

Кафедрада төмөндөгүдөй багытта илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт:

1-багыт: “Билим берүүдө жана илим изилдөөдө маалымат-комуникациялык технологияларды колдонуу” боюнча илмий изилдөө иштери жүргүзүлүөт.

Изилденүүчү объект: маалымат-комуникациялык технологиялардын каражаттары жана усулдары.

Маданий–массалык жана коомдук иштер. Маданий-тарбиялык жана коммдук иштер пландалган, учурдагы иш чараларды кафедранын ар бир мүчөсү жана атайын дайындалган жооптуу окутуучу тарабынан жүргүзүлөт. Кафедранын окутуучулары факультеттин, университтеттин жана шаардын деңгээлиндеги түрдүү иш-чаралар уюштуруга, өткөзүүгө активдүү катышышат.

Кафедра мүчөлөрү тарабынан даярдалган илимий ж.б. эмгектер, ойлоп табуулар, патенттер боюнча маалыматтар. Кафедра мүчөлөрдүн илимий-изилдөө иштеринин алынган жыйынтыктары кафедранын алдында уюштурулган студенттер, аспиранттар, окутуучулар үчүн өткөрүлүүчү илимий семинарда талкууланып, регионалдык, республикалык, эл аралык илимий симпозиум, конференцияларда баяндалып, илимий жыйнактарда, журналдарда 330дан ашуун илимий макалалар, 10 монография жарыкка чыккан.