Жаңылыктар Архив

Общественная, культурная и спортивная жизнь кафедры

КЫРГЫЗКО-ЕВРОПЕЙСКИЙ ФАКУЛЬТЕТ

КАФЕДРА "МЕЖДУНАРОДНОГО ПРАВА, БИЗНЕСА И ТУРИЗМА"


Кыргыз - Европа факультети Нооруз майрамын белгиледи 19- март куну факультетте сумолок уюштурулду. 20-21-мартта белгиленген Ноорузду иран жана түрк элдери майрамдашат. Бул майрам түрдүүчө белгиленет. Айрым элдерде 3 күндөн 13 күнгө чейин уланат. Фарси тилинде "Нооруз" сөзү - жаңы күн дегенди билдирет. Илгертен эле Ооганстан менен Иранда Жаңы жылдын башталышы деп таанылган. Кийин Ноорузду белгилөө Ирандын маданияты жана салты менен жуурулушуп калган. Алар үчүн Нооруз эң маанилүү майрам. Ирандын Езид провинциясында бир кыштактын тургундары байыркы салттарды кармоого аракеттенип келет. Нооруз СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,RUFAT ERGESHOV/BBC Ноорузду диний майрам катары көрсөтүп келишкендер да бар. Бирок исламга бул майрамдын такыр тиешеси жок. Кээ бир авторлор майрамды б.з.ч. Заратустра менен байланышта карашат. Бирок буга ынанымдуу далил жок. Ошондуктан көптөр муну эл тарабынан эле майрамдалып баштаган деп эсептейт. Ооганстанда талиптер "отко жалынып, Кудайга акаарат келтирген ишеним" деп Ноорузга тыюу салган. Өтө консервативдүү динчилдер азыр деле Ноорузду сынга алат. Буга карабай, "Дыйкандын күнү" деп аталган Нооруз көп оогандыктардын сүйүктүү майрамы. Кабулдагы мечит Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабул шаары, Ооганстан. Миң жыл мурун мусулман илимпоздору Нооруз күнүн тактап, изилдеп көрүшкөн. Хорезм аймагынан чыккан Абу Райхан Бируни, ирандык Омар Хаям жана кыргызстандык Махмуд Кашгари изилдөөлөрү жана арифметикалык эсептери аркылуу Нооруздун так күнүн аныкташкан. Жаз майрамдарынын түпкү тамыры байыркы цивилизацияларга барып такалат. Байыртан эле адам баласы ай менен күндүн кыймылына назарын салып келген. Алар табияттагы өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө аракет кылышкан. 2010-жылы 19-февралда БУУнун Башкы ассамблеясы Ноорузду адамзаттын маданий мурасы катары тааныган.


Волейбол боюнча "Декандын кубогу" 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Кыргыз-Европа факультетинде кыздар арасында "Декандын кубогу" волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке факультетибиздин 1-4-курстун кыздары өз адистиги боюнча команда курап, мыкты оюн көргөзүштү. Бардык командалар мыкты даярдык менен келгени байкалып турду, азаматтар!!! Окутуучу эжейлер да өз командасы менен катышып, мыкты оюн көргөзүштү. "Декандын кубогун" Европа таануу адистигинин кыздары багындырды. Катышуучулар кубок ,диплом,медаль жана декандын автордук китеби менен сыйланды. Жыйынтык төмөндөгүдөй болду: 1-орун Ев-1-20 командасы 2-орун МБ-1-2-20 командасы 3-орун Эжекелер командасы 4-орун МП командасы


КЕФтин студенттери "Ак калпак күнүнө" карата уюштурулган жөө жүрүштө активдүү катышты. 2021-жылдын 5-март "Ак калпак жана улуттук кийимдер" күнүнө карата Ош шаарындагы борбордук аянтта улуттук кийимдер парады болуп өттү.ОшМУнун Кыргыз-Европа факультетинин студенттери да аталган иш-чарага катышты.Улуттук кийимде мэриянын алдында кыргыздын желегин көтөрүп, патриоттук сезимдерин ойготту. Ак калпагын жерге түшүрбөй кийген жигиттер бугун Ош шаарын көрккө бөлөдү.


Кыргыз - Европа факультетинде "Ак калпак күну" белгиленди. 3-Март Ак калпак кунуно карата КЕФтин жаштар комитети жана акыйкатчы апараты тарабынан иш чаралар уюштурулуп, студенттер жана окутуучуларга концерттик программа тартууланды. Тил жоголбойт, Жоголсо, жоголот дил! Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил! –деп Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев кан-какшаса, дагы бир таланттуу акын Эркаалы Өскөнаалы агайыбыз: Жок, жок, болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн, Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн. Жакшылыгын гана арнап элиме, Жаратканым андай күндү бербесин.-деп Жаратканга жалынып-жалбарып олтурат. Ооба, «Канча тил билсең, ошончо кишисиң» деген накыл кеп бар. Бул сөздө калет жок. Эң таамай, туура айтылган сөз. Колдон келсе он тил билгенге не жетсин. Бирок ошол он тилди билип туруп, өзүңдүн ЭНЕ-ТИЛИҢДИ билбесең, мындан өткөн кордук, мындан өткөн уят иш жок болсо керек. Андыктан башка тилди да үйрөнөлү, бирок эң башкысы ЭНЕ-ТИЛИБИЗДИ унутпайлы. Мен журналисттик кесиптин арты менен ар түркүн көптөгөн адамдардан интервью алып, маектешип жүрөм. Айрыкча Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн, кыргыз тилинде мыкты чыгармаларды жазган, аттуу-баштуу акын-жазуучуларды эскерүү максатында, алардын үй-бүлөөсүнө барып, уул-кыздарынан интервью алган кезде кыргыз тилинде сүйлөй албай абдан кыйналышчу. Бул көрүнүш мага өтө аянычтуу сезилеер эле. Алардын аталарынын чыгармаларынан жалпы кыргыз эли руханий азык алып, тилин байытып жатса, өз балдары кыргыз тилинен куру жалак. Себеби алар бала-бакчадан тартып мектеп, жогорку окуу жайларына чейин жалаң орусча окуп, тарбияланышкан. Ооба мунун да түшүнө турган жактары бар, кезинде өзүлөрү айылдан шаарга келип орус тилинен аябай кыйналган учурлары болгон. Ошол кыйынчылыкты балдарым тартпасын деп, аларды орусча окууга берген. Ошентип орус тилинен кыйналбай чоңойгон балдары, өзүнүн эне тилинен кыйналып калаарын ал улуу инсандарыбыз кандайча ойлонду болду экен? Мага бул жагы азырынча табышмак. Башка тилди билбей кыйналганга караганда, өз эне тилиңди билбей кыйналганың алда канча уят, алда канча кечиримсиз иш болсо керек. Андыктан мындан бүгүнкү ата-энелер, азыркы биздин муун чоң сабак алууга тийиш. 25 жыл ичинде мамлекеттик тилибиз канчалык өнүгүп өстү, кандай ийгиликтерге жетишти, анын баарын атайын адистер иликтеп, өз баасын беришеер. Жеке менин баамымыда Кудайга шүгүр дээрлик аракеттер болууда. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиябыз көптөгөн иштерди жасоого аракет кылып жатышат. Бирок тилибиз гүлдөп, өнүгүп өсүп, мамлекеттик тил деген статусуна толук жооп берип жатат дегенден азыраак алысмын. Анткени мамлекеттик иш кагаздарыбызда дале орус тили басымдуулук кылып келет. Мындан башка да көптөгөн көйгөйлөр бар.


Футбол боюнча "Декандын кубогу". ⚽ Биз күткөн "KEF Dean′s Cup 2021" футбол мелдешибиз бөлүп өттү! КЕФтин ар бир адистиктери өз намыстарын коргоп командасы менен активдүү катышып ардактуу орундарды ээлешти. Мелдеште: ЕВ, ПиП, МБ, МП, Туризм командалары күч сынашып, ЕВ 1-орун, МП 2-орун, "Биримдик" ЕВ жана МБ 3-орун. 23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлдү! Майрамыңыздар куттуу болсун!


"Тил улуттун жүзу" - сынагы болуп өттү ОШМУда Бүткүл дүйнолүк эне тил күнүно карата "ТИл улуттун жузу" атту кароо сынагы уюштурулду. Сынакка КЫргыз -Европа факультетинин студенттери да активдүү катышып, 3-орунду камсыздады. Сынаккта Кыргыз тилиндеги ырларды көркөм окуп, испан тилинде ырдап өз чеберчилигин корсөто алышты.


ОшМУда 8- Февраль "Кайрымдуулук күну" деп жарыяланды. КЕФтин окутуучулар жамааты жана студенттери өз салымдарын кошушту. ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, спорт чебери, Азия оюндарынын чемпиону ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Алтынай Мамарасул кызынын апасына боорун алмаштыруу үчүн жардам көрсөтүү акциясы Кыргыз-Европа факультетинде да болуп өттү. Анда факультеттин студенттери жана окутуучулар жамааты кайдыгер карабай, өз салымдарын кошушту. Түшкөн каражат өз дарегине жеткирилди.