Тарыхы

>

Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасы ОшМУнун Окмуштуулар Кенешинин № 165 буйругунун негизинде 2005-жылдын 27- августунда негизделген. Алгач кафедраны улук окутуучу У. Бердиева жетектеп, анда 1 илимдин кандидаты, 2 улук окутуучу, 11 окуутучу эмгектенген.

Окмуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде 2011-жылдын 1-октябрында №497 буйрук менен фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасы, 2012-жылдын 30-августтунда №283 буйругунун негизинде сестралык иштин негиздери кафедрасы бөлүнүп чыккан. 2012-жылдын 1-сентябрынан 2015-жылдын декабрына чейин кафедраны биология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Т.Жумабаева ийгиликтүү жетектеди. 2015-жылдын декабрынан 2018- жылдын апрель айына чейин Н.Б. Орозалиев жетектеген. 2018- жылдын декабрынан 2021-жылдын июнь айына чейин жетектеген. Ал эми азыркы жалпы медициналык дисциплиналар циклын Орозалиев Нургазы Бөрүбаевич жетектөөдө.

Кафедранын окутуучулары окутуу процессин эффективдүү уюштурууга, студенттердин квалификациялык даярдыгын жакшыртууга, кадрларды даярдоого өтө чоң салым кошуп келүүдө.Кафедрада 2 илимдин кандидаты Орунбаева Бибигүл жана Аргынбаева Акмарал,2 улук окутуучу Орозалиев Нургазы жана Жумабаева Айнагүл,2 аспирант Тойчуева Асель жана Макамбаева Гүлсанам,1 магистрант Каримова Назира,2 магистратураны бүтүрүүчү Жакиева Венера жана Нурматова Наргиза. Студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн тилдер лабораториясы, кабинеттер менен камсыз болгон. Ар бир кабинет жана лаборатория жаңы технология менен камсыздалган. 2017-2018-окуу жылында кафедранын базасында жаны лабораториялык дартты аныктоо адистиги ачылды .