Куттуктоо

Урматтуу кесиптештер!

Урматтуу ОшМУнун окутуучулары, аспиранттары, студенттери!

Сиздерди Илим күнү менен куттуктайм!

Бул инновациялык идеялардын, ачылыштардын жана билимдердин майрамы.

Окумуштуунун иш-аракети ар дайым, эч нерсеге карабастан, урмат-сыйлуу, кызыктуу жана татаал кесип болуп келген. Университет түптөлгөндөн бери өзүнүн айланасына таланттуу, терең жана ар тараптуу инсандарды, илимий чөйрөдө кесипкөй адистерди бириктирип келет. Биздин Университеттин ичинде көптөгөн натыйжалуу илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. ОшМУнун жамааты өзүнүн илимий мектептери жана ийгиликтүү изилдөөчүлөрдүн көптөгөн муундары менен татыктуу сыймыктанат, университеттин окумуштуулары ар кандай сынактарга байма-бай катышып, жеңишке жетип, гранттарды алып келишет. Биздин жаштарыбыз - келечектуу аспиранттар жана жаш окумуштууларыбыз улуу муундан кем калышпай зор үмүттөргө ишендирет. Бул бизге келечекке ишеним менен кароого мүмкүндүк берет.

Университеттеги илимге берилип, түгөнгүс изденүү жана изилдөө салттарын сактап келгениниздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Илим боюнча проректору, м.и.д., профессор Осумбеков Б.З.