Жаңылыктар Архив

Россия жана Евразия интеграция бөлүмү

Россия жана Евразия интеграция

бөлүмүнүн башчысы

Акматова Дамира Абдыкалыковна

Философия илимдеринин кандидаты,

доцент




Философ Ж.Ортега и Гассет өзүнүн «Университеттин миссиясы» (1930) аттуу фундаменталдык эмгегинде көрсөткөндөй, университеттик билим берүү бул - өзгөчө маданий жана социалдык практиканы жана жогорку окуу жайынын баштапкы функциясы катары - маданий баалуулуктарга ээ болгон билим берүү деп эсептейт.

Учурдагы ааламдашуу доорунда бул жагдай өзгөчө мааниге ээ, анткени жаштарда келечек карьерасын жолго коюда, талапка ылайык көндүмдөрдү калыптандыруу зарыл жана буга муктаждык жогору.

Россия жана Евразия интеграция бөлүмү - классикалык билим берүүнүн салттары менен заманбап илимдерди жана окутуунун эл аралык тажрыйбасын бирге калыптандырган уникалдуу билим берүү талаасы болуп саналат.

Учурда ЭАББПЖМнын Россия жана Евразия интеграциялоо бөлүмүндө 5 программа бар:

531500 - Аймак таануу (бакалавр), 531600 - Аймак таануу (магистратура)

Бул программалардын жетекчиси философия илимдеринин кандидаты, доцент Султанова К.Ж.

“Математика жана компьютердик илимдер” эксперименталдык программасы (бакалавр даражасы).

Программанын жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору, профессор Турсунов Д.А.

«Башталгыч билим. Англис тили» эксперименталдык программасы (бакалавр даражасы).

Программанын жетекчиси, магистр, улук окутуучу Марзабаева Б.Т.

“Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия” эксперименталдык программасы (бакалавр даражасы).

Программанын жетекчиси, магистр Адылбек уулу Нурбек

Бөлүмдүн билим берүү жана илимий миссиясы - заманбап коомдун муктаждыктарына дал келген жана эл аралык стандарттарга жооп берген кесиптик компетенттүү инсанды калыптандыруу. Ал эми, илимий миссиядан маанилүүлүгү кем эмес коомдук миссиясы бул - коомдун адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын сактоо жана жогорулатуу болуп эсептелет.

Бөлүмдө илимий жана окуу боюнча иш сапарлар уюштурулат, бир катар лекциялар окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн чет элдик кесиптештер менен биргеликте тыгыз иш алып барылат.

Россия жана евразиялык интеграция бөлүмүнүн чет өлкөлүк ЖОЖдор менен өз ара алгылыктуу келишимдик байланыштарды түзүү боюнча бир топ иштерди аткарып, ОшМУнун эл аралык келишимдерин ишке ашырууга катышып келет.

Бөлүмдө эл аралык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын арасында жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери менен жаңы биргелешкен билим берүү программаларын ачуу да пландалган.

Студенттер ээ болгон көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү жана компетенцияларды алардын кесипкөй чөйрөлөрүнүн кеңири спектринде колдоно алууга, талап кылынган атаандаштыкка туруштук бере алууга мүмкүндүк берет.