ПЦКнын окуу-усулдук иштери

Окуу - усулдук иштер

Физика, математика жана информатика ПЦКсынын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуу мугалими Кожобекова Уулжан Гапаралиевна.

Окуу-усулдук иштери Предметтик-циклдик комиссиянын (мындан ары - ПЦК) негизги милдеттери окуу-усулдук иштер үчүн жогорку органдын (ОшМУ) талабына ылайык иш программасын жана силлабустарды даярдоо (ОУК); • мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында тиешелүү багыттар жана адистиктер боюнча окуу пландарын иштеп чыгуу; • лекцияларды, практикалык жана лабораториялык иштерди, ПЦКнын мугалимдеринин квалификациялык деңгээлдерин жогорулатуу; студенттерди окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын киргизүү; • учурдагы жана модулдук текшерүүлөрдү, экзамендерди, • өз ара сабактарга катышуу; • мугалимдердин окуу, илимий жана усулдук иштери боюнча жеке пландарын жана отчетторун талкуулоо; мыкты мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу; жаңы кабыл алынган мугалимдерге усулдук жактан билимдерин өркүндөтүүгө, педагогикалык чеберчиликти өздөштүрүүдө усулдук жардам көрсөтүү; • ПЦК мүчөлөрүнүн окуу - усулдук ишмердүүлүгүн тынымсыз өркүндөтүү; окуу процессин илимий-методикалык курстар менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу; ПЦКда окутулуучу дисциплиналар боюнча жаңы окуу куралдарын, программаларды жана окуу китептерин иштеп чыгууга катышуу.