Отчет Карагой 17-22.05.21

Табият таануу жана география факультетинин зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент А.Абдыкааровдун жетекчилиги алдында 2021-2022 – окуу жылынын 6-11 – июнь күндөрүндө 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин 2-курсунун БК(б)-1-20, БР(б)-2-20 тайпаларынын жана 520200 Биология багытынын 2-курсунун БИО(б)-1-20(р) тайпасынын студенттеринин Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында «омурткалуулардын зоологиясы» жана “өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметтери боюнча өткөргөн окуу-талаа практикасы боюнча

отчету

1. Табият таануу жана география факультетинин 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин окуу планына,№1980-О/22 01.06.2022 жана №1977-ФХД/22 31.05.2022 буйруктардын негизинде аталган багыттын 2-курсунун БК(б)-1-20, БР(б)-2-20 тайпаларынын жана№1975-О/22 01.06.2022 жана №2078-ФХД/22 06.06.2022 буйруктарынын негизинде 520200 Биология багытынын 2-курсунун БИО(б)-1-20(р) тайпасынын студенттерине 2021-2022 – окуу жылынын 6-11 – июнь күндөрүндө Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында «омурткалуулардын зоологиясы» жана “өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметтери боюнча окуу-талаа практикасы пландалган.

Тайпанын аталышы: БК(б)-1-20 тайпасы

Омурткалуулар зоологиясы предмети боюнча жетекчи: доцент Абдыкааров А.М.

Өсүмдүктөрдүн систематикасы предмети боюнча жетекчи: ага окут. Уметалиев М.

Студенттин аты-жөнү

Студенттин аты-жөнү

1

Абдивалиева Айзирек

14.

Мамедова Наргизахон

2.

Абдуллаева Нозимахон

15.

Махматова Элнура

3.

Адырова Айназик

16.

Мехриева София

4.

Азаматбекова Нурай

17.

Рысбекова Шахзада

5

Амалбек кызы Канзада

18.

Сатторов Отабек (барбады)

6.

Амангелди кызы Сырга

19.

Тешабаева Машхура

7.

Ахмаджонова Садокатхон (барбады)

20.

Туланова Умидахон

8.

Бахриддинова Мафтуна (барбады)

21.

Туланова Хуршидахон кизи

9.

Бердибекова Айганыш

22.

Тургунбаева Элмира

10.

Исакова Шодия

23.

Турдубаева Мадина

11.

Каюмов Хаетбек

24.

Турдухожаев Махкамхожа

12.

Курманбек кызы Ферузат

25.

Тухтасинова Ферузабону

13.

Маматкулова Алтынай

26.

Тухтасинова Лазакатхон (барбады)

Тайпанын аталышы: БР(б)-2-20 тайпасы

Омурткалуулар зоологиясы предмети боюнча жетекчи: ага окут.Айдаралиев Э.К.

Өсүмдүктөрдүн систематикасы предмети боюнча жетекчи: доцент Исраилова Г.С.

Студенттин аты-жөнү

Студенттин аты-жөнү

1

Абдукаюмова Мухлиса

10.

Одилжонов Жамшидбек

2.

Абдухоликова Севинч

11.

Рузибоев Шухратбек

3.

Авазбекова Зулфизар

12.

Турабоева Дилрабо

4.

Акбаралиев Алишер угли

13.

Турдикулова Дилдора

5

Жураева Гулшаной

14.

Умаржонова Асила

6.

Кираева Алина

15.

Умаров Ахмаджон

7.

Махмуджанова Зилолахон

16.

Усмоналиева Хуснидахон

8.

Муминов Мухаммадмусо

17.

Хаитова Нозанин

9.

Нишонбоева Мадинахон

18.

Хомидова Нозимахон

Тайпанын аталышы: БИО(б)-1-20(р) тайпасы

Омурткалуулар зоологиясы предмети боюнча жетекчи: доцент Абдыкааров А.М.

Өсүмдүктөрдүн систематикасы предмети боюнча жетекчи: доцент Исраилова Г.С.

Студенттин аты-жөнү

Студенттин аты-жөнү

1

Абдивали кызы Айнура

10.

Медербек кызы Мээримгул

2.

Абдувахабова Камола

11.

Моминова Хушрой

3.

Абдухалилова Нилуфархон

12.

Нурланбекова Айназик

4.

Артемова Дарья

13.

Раимжанов Азизилло

5

Исаков Акбарали

14.

Саидикромова Азиза

6.

Исманов Алишер

15.

Таир кызы Тансулуу

7.

Исманова Айтгул

16.

Ташбулатова Мохларойим

8.

Касимова Сохибахон

17.

Тургунбаева Асель

9.

Лутфуллаева Дурдона

18.

Юлдашева Дурдона

06.06.2021

Бул күнү саат 8.30 дан 09.00 гө студенттер катталды. Аларга жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча коопсуздук техникасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Саат 9.00 дө БК(б)-1-20, БР(б)-2-20 жана БИО(б)-1-20(р) тайпаларынын студенттери Кыргыз-Ата мамлекеттик коругуна жолго чыгышты.

Саат 12.30 да Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркындагы “Чат-Көпүрөнүн” жогору тарабындагы “Кызыр-Ата” эс алуучу жайына отурукташтык.

Абдыкааров А. парктын физикалык-географиялык мүнөздөмөсү менен тааныштырды. Студенттер коопсуздук техникасы менен таанышышты жана аларга изилдөө методдору үйрөтүлдү.

Бул күнү студенттерге окуу-талаа практикасын өткөрүүнүн максаты жана милдеттери, гербарийлерди жасоо усулдары, омурткалуу жаныбарларды аныктоо, түштүк Кыргызстандагы өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактар, алардын ичиндеги “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын түзүлүү максаты ж.б. боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

07.06.2022

Бул күнү студенттердин экспедициялык маршруту “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын батыш тарабындагы жол аркылуу парктын аймагындагы жанаыбарлар жана өсүмдүктөр менен таанышууга багытталды. Батыш тарабындагы Алтын-Бешик менен тааныштырылды. Жалпысынан бул маршруттун узундугу 9 км ди түздү. Бул маршрут боюнча изилденген аймактын өсүмдүктөрү жана жаныбарлары изилдөөгө алынды. Абдыкааров А. тарабынан жолуккан канаттуулар тааныштырылып, алардын өзгөчөлүгү анализденди. Негизинен, дарыя жээктеринде, арча токойлорунда, таштуу-шагылдуу ландшафттардагы канаттуулар менен тааныштыруу ишке ашты.

1-сүрөт: Парктын батыш тарабындагы жергиликтүү калк тарабынан тосулган аймактар.

2- сүрөт: Парктын батыш тарабынын толук тосулушу жаныбарлардын миграциясына тоскоол болот.

1-2-сүрөттөрдө көрүнүп тургандай парктын батыш тарабындагы дарыя жээктериндеги буфердик аймактарынын толук тосулуп кетиши студенттердин көңүлүн чөктүрдү жана паркка өтүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Себеби, батыш тарабы толук тосулуп эс алуу аймактарына айланып кетиптир.

08.06.2022

Үчүнчү күнкү маршрут парктын түндүк-чыгыш тарабына багытталды. Мазарды көздөй уюштурулган экспедиция жалпысынан 14 км түздү. Түрдүү ландшафттардан топтолгон өсүмдүктөр системаланды жана алардан гербарийлер жасалды, парктын аймагында учураган омурткалуу жаныбарлардан канаттуулар менен тааныштыруу ишке ашты. Өлүмтүктөр менен тамактанган кумайлардын (снежный гриф) өтө көп байкалгандыгы элдин жайлоодогу малдарынын көп өлгөндүгүнө далил болуп саналды.

Жол боюндагы жайлоордо синантроптук канаттуулардын басымдуулук кылгандыгы антропогендик факторлордун күчтүү экендигин көрсөттү.

3-сүрөт. Мазардын жалпы көрүнүшү. Түндүк-батыш тарабы мал жайыт катары пайдаланылат.

Ал эми мазардын батыш тарабындагы тигилген карагайлардын кооздугу студенттерди абдан кызыктырды.

4-сүрөт. Мазардын батыш тарабына тигилген карагай көчөттөр.

09.06.2022

8-июнь күнкү маршрут Илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүнүн токой чарба аянтчасына багытталды. Парктын корук зонасына, анын ичиндеги питомникке экспедиция уюштурулуп, ал аймактын бадал жана дарак өсүмдүктөрү жана аларда байырлаган жаныбарлар изилдөөгө алынды.

Түрдүү ландшафттардан топтолгон өсүмдүктөр системаланды жана алардан гербарийлер жасалды, парктын аймагында учураган омурткалуу жаныбарларды системалоо жана аныктоо ишке ашты. Бул күнү парктын токой чарба зонасындагы питомниктерде өстүрүлгөн түрдүү бадал жана дарак өсүмдүктөрүнүн түрлөрү жана сорттору анализденди.

Түндүк-Чыгыш тарабынан кирип, түндүк-батыш тарабынан чыгууга мүмкүн болбоду. Анткени, жергиликтүү калк парктын батыш тарабын толук тосуп алышыптар. Андыктан, парктын түштүк тарабына жол алдык. Арча, ак кайындан турган кооз жаратылыш абдан кызыгууну жаратты.

Батыш тарапка жолдун жоктугунан кайра чыгыш тарбындагы жалгыз аяк жол менен кайрак айттык. Жолдун чеке белдери таштуу аймактардан тургандыктан, сойлоочулар жана канаттуулар изилдөөгө алынды.

5-сүрөт. Парктын токой чарба учаскасынын кире бериши.

6-сүрөт. Парктын токой чарба учаскасындагы тигилген ак кайың жана карагай көчөттөр.

10.06.2022

7-сүрөт. Пакртын түндүк тарабындагы буфердик аймагын түзгөн Бел-Алма жайытынын башталышы

Бул күнү студенттер парктын буфердик бөлүгүнүн батыш тарабындагы күнгөй бет аймактарындагы арча токойлору жана таштуу-аскалуу ландшафттардагы биоартүрдүүлүк менен таанышуу мсаксатында “Бел-Алманын” түндүк тарабындагы жылгага экспедиция уюштурушту. 7-сүрөттө көрүнүп тургандай парктын бул буфердик аймагы күнгөй бет болгондуктан фаунасы жана флорасы кескин айырамаланат. Мында негизинен эс алуучу жайлар орун алып, жайыт катары пайдаланылат.

11.06.2022

Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында байырлаган омурткалуу жаныбарлардын фаунасы боюнча студенттер менен баарлашуу ишке ашты. Студенттер ар бир звено боюнча талаа шартында өтүлгөн сабактар жана өздөрүнүн байкоолору боюнча маалыматтардын негизинде отчетторду жазуусу башталды.

Жалпысынан студенттер окуу-талаа практикасында өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактардын ичинен “Кыргыз-Ата” мамлекеттик мамлекеттик жаратылыш паркынын биоартүрдүүлүгү менен практикалык түрдө тааныша алышты.

БК(б)-1-20 тайпасынын студенттери үй ээлери жана германиялык турист менен

БК(б)-1-20 тайпасынын студенттери эс алуу учурунда

Б.и.к., доценттин м.а. Исраилова Г. БР(б)-2-20 тайпасы менен маршруттук учетто

БИО(б)-1-20 тайпасынын студенттери парктын түштүк-батыш тарабынд

БК(б)-1-20, БР(б)-2-20 жана БИО(б)-1-20 тайпаларынын студенттери парктын түштүк-батыш тарабынын чегинде.

Б.и.к., доцент Абдыкааров А.М. маршрут алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Зоология жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Э.Айдаралиев жана Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын ага окутуучусу М.Уметалиев парктын омурткалуу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү жөнүндө сабак өтүү учуру.

Окуу-талаа практикасын өткөрүү боюнча жооптуу:

Б.и.к., зоология жана экология кафедрасынын

башчысы, доцент Абдыкааров А.М.