Кафедра

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

«МЕНЕДЖМЕНТ И МАРКЕТИНГ»

КАФЕДРАСЫ

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

«Менеджмент жана маркетинг» кафедрасы Ош Мамлекеттик Университетинде кадрларды даярдоону жакшыртуу максатында Ош МУнун ректорунун №4099-ФХД/21-буйругунун негизинде 2021-жылдын 22-октябрында түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө кафедра рыноктук экономиканын талаптарына ылайык 580200 “Менеджмент”, 580700 “Бизнести башкаруу” багыттары боюнча күндүзгү, сырттан окуу формасында студенттерди жана 580200 “Менеджмент” батыгы боюнча магистранттарды даярдоо менен иш алып барууда. Аталган адистиктердин бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда республиканын түштүгүндөгү жана башка аймактарындагы менчиктин ар кандай формасындагы ишкана-мекемелерде эмгектенишүүдө жана кафедранын окутуучулук курамы менен тыгыз байланышып турат.

Кафедра бардык кызыктар тараптар (бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр, студенттер, ата-энелер, профессордук-окутуучулук ж.б.) менен тыгыз иш алып баруу менен биргеликте, аймактык илимий-өндүрүштүк маселелерди чечүүдө, квалификацияны жогорулатууда жана кайра даярдоодо активдүү катышып келүүдө.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү стандартынын алкагында окуу, илимий-изилдөөчүлүк, методикалык жана тажрыйбалык ишмердүүлүгүнүн жүргүзүүдө. Көптөгөн окутуучулар өзүнүн илимий-педагогикалык деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу үстүндө иштөөдө жана ар түрдүү илимий конференцияларга катышып, макалаларын жарыкка чыгарып жана кафедранын илим изилдөөчүсү болуп эмгектенүүдө.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы лицензиялык талаптарга жооп берет. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамында жогорку билимдүү окутуучулар, алардын ичинен - 1 илимдин доктору, профессор, 1 илимдин кандидаты, профессор, 4 илимдин кандидаты, доцент, 2 улук окутуучу жана 1 окутуучу эмгектенип келишүүдө.

Кафедраны түзүлгөндөн баштап экономика илимдеринин кандидаты, доцент Талайбек уулу Тариэль ийгиликтүү жетектеп келүүдө.