News Архив

Новости
ФЮКта жаңы кабыл алынган окутуучулар сабак өтүштү
2024 -ж. 7-март күнү Физика, математика ПЦКна жаңы жумушка кирген жаш окутуучулар Билал к.Д., Култаева Б., Тойчиева А., Элчибек к. Э. ачык сабактарды өтүшүштү. Сабактарга ОшМУнун окутуунун сапаты жана усулдук камсыздоо бөлүмүнүн адистери М. Нурмаматова, М. Розыкова, ФМ ПЦКнын усулдук жооптуусу У. Кожобекова жана ФМ ПЦКнын окутуучулары катышышты. Жаш окутуучуларга методикалык жардам берүү максатында өз сунуштарын айтышышты. Мындан сырткары сапат бөлүмүнүн жетекчиси п.и.к., доцент М.М. Былыкова тарабынан окутуучунун портфолиосун түзүү жөнүндө бир топ сунуштамалар берилип, жардам көрсөтүлдү.


ФЮКта квалификацияны жогорулатуу боюнча семинар башталды

27.01.2024ж. күнү Финансы-юридикалык колледжинде “Натыйжага багытталган окутуу технологиялары” аттуу 72 сааттык семинар башталды. Семинарды ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору, п.и.к., доцент Т.А.Жороев өтүүдө. Аталган семинардан окутуучулар сабак өтүүдөгү студенттер үчүн жеткиликтүү, заманбап усулдарды колдонуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышууда. Семинар ФЮКтун директору, э.и.к., доцент Н.Ж.Исаков жана ФЮКтун окуу-усулдук жооптуусу, э.и.к. Ж.К.Райимбердиеванын демилгеси менен уюштурулду.


ФЮКта студенттердин билим сапатын текшерүү иш-чарасы 2023-жыл


2023-жылдын 7-февралында ФЮКтун УТ жана УК бөлүмүнүн окутуучулары В. Тулкуева жана А. Мамыровалар тарабынан "Интерактивдүү усулдар " боюнча семинар өтүлдү.