Жаңылыктар
Эс алуу

• 2023-жылдын 10-июнь күнү МИТ факультетинин жалпы жамааты жайкы эс алуунун алкагында Алай районунун Үч чат жайлоосуна барып эс алып келишти. Эс алууну уюштуруу ИСП кафедрасына жүктөлүп, эң жогорку деңгээлде уюштуруп берди.

Нооруз майрамы

• • 2023-жылдын 16-март күнү МИТ факультетинин жалпы жамааты Нооруз майрамына карата майрамдык иш чара өткөрдү. Иш чаранын алкагында концерттик программалар, улуттук тамак-аш, улуттук кийим боюнча кафедралар аралык конкурстар болуп өттү. Иш чаранын соңунда жалпы жамаатка сый тамак берилди. Нооруз майрамын уюштурууда АжГ жана Жогорку маткематика кафедралары жооптуу болушту.

Волейбол

• 2023-жылдын 4-март күнү ОшМУнун профкому тарабынан волейбол оюну боюнча аялдар арасында биринчилиги болуп өттү. Ага МИТ факультетинен 40 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки болуп айымдар командалары катышты. Жыйынтыгында 40 жаштан жогорку айымдар арасында МИТ факультетинин командасы 3-орунга ээ болуп, акчалай сыйлык жана грамота менен сыйланды.

Бильярд

• 2023-жылдын 23-февраль күнү ОшМУнун профкому тарабынан уюштурулган ОшМУнун мырзалары арасында Бильярд оюну боюнча чемионат болуп өттү. Чемпионатка МИТ факультетинин намысын коргоп 40 жаштан жогоркулар тобунда доцент Т.Д. Асилбеков, 40 жашка чейинкилер тобунда окутуучу Б. Сатибай уулу катышты. Эң жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн доцент Т. Асилбеков “эң мыкты оюнчу” наамын алып, акчалай сыйлык менен сыйланды.

Волейбол

• 2023-жылдын 25-февраль күнү “8-март аялдардын эл аралык майрамына” карата МИТ факультетинин айымдарынын арасында волейбол оюну боюнча биринчилиги уюштурулду. Жеңүүчүлөр дипломдор менен суйланды. Оюндун соңунда профбюро тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулуп, сый тамак берилди.

Бильярд

• 2023-жылдын 17-февраль күнү “23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө” карата МИТ факультетинин мырзаларынын арасында Бильярд оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жеңүүчүлөрү атайын дипломдор менен сыйланды жана ОшМУнун бильярд боюнча биринчилигине жолдомо алышты. Иш-чара МИТ факультетинин профбюросу тарабынан уюштурулду.