School for parents

Билимден мурун тарбия

Биринчи сурот

Урматтуу, аталар!

Оюңуздагы баланы эмес, баланын оюн тарбиялаңыз.

Кыялыңыздагы балага эмес, баланын кыялына маани бериңиз.

Таалим-тарбия жараянында өзгөчө аталарды түйшөлткөн эки маселе бар, биринчиси баланын билими (репутациясы) болсо, экинчиси таалим-тарбиясы. Дээрлик көпчүлүк үй-бүлөлөр баланын билими (репутациясы) туурасында бир пикирде. Кандай жол менен болсо болсун, балдарынын жакшы билим алуусун эң башкы максат катары белгилешет.

Экинчи маселеде б.а. таалим-тарбия, адеп-ахлак үй-бүлөлөрдүн күн тартибине азырынча кире электей байкалат. Анткени, адамдар сапаттуу билим ансыз деле баланын адеп-ахлактуу болушуна түрткү болот деп ойлошкондуктанбы, же болбосо, баланын материалдык келечегин моралдык баалуулуктардан жогору коюшкандыктанбы, көпчүлүк учурда туура эмес кадамдарга барып алышат.

Өлкөбүздө болсун, дүйнөлүк аренада болсун, жаңылыктарды карап олтурсаңыз, экономикалык жана саясий маселелердеги апааттардын көпчүлүк бөлүгүндө жогорку билимдүү адамдардын рол алгандыгына күбө болосуз. Мындай көрүнүш сапаттуу билим өзү гана адамдын тарбиялуу болушуна жетиштүү эмес экендигин көрсөтүп турат. Эгерде, жетиштүү болгондо, Европа өлкөлөрү башта болуп, өнүккөн өлкөлөрдө адам тарбиялоо маселесинде көйгөйлөр жаралбайт эле.

Билим-берүүнүн мааниси балага кайсыдыр бир темада терең маалымат берип, ошол тармакта тажрыйбалуу адис катары чыгаруу. Ал эми таалим-тарбиянын максаты рухий жактан да, маалыматтык жактан мыкты инсанды тарбиялоо. Көрүнүп тургандай эгерде баланын билими жогору (репутациясы жакшы) болсо, билим берүүнүн максаты орундалган болот. Бала жеке мугалимдерди жалдап окуйбу, курска барабы, үйдө өз алдынча окуйбу, эмне кылса кылсын соңунда ал билимдүү, репутациясы жогору болсо, билим-берүү өз максатына жеткен болот. Б.а. билим-берүүдө иштин башы эмес, соңу маанилүү.

Ал эми таалим-тарбиянын соңку чеги жок, башаты маанилүү. Эгерде, сиз тарбия берүүчү катары таалим-тарбия процессинин башатында туура кадамдарга барбасаңыз, канча аракет жумшабаңыз жакшы натыйжа ала албайсыз.

Таалим-тарбия берүүнүн негизги критерийи катары жалпы адамзат кабылдаган туура эрежелер эсептелет. Алар динге, үрп-адатка, маданиятка, укуктук нормативдерге тиешелүү ж.б. эрежелер. Мына ушул эрежелер негиз алынганда гана таалим-тарбия туура жолго коюлат деген ойдобуз.

Эскерте кетчү жагдайлар:

-Жакшы окуй албаган, толук кандуу билим ала албаган, билим алууда ийгилик жарата албаган адам тарбиясыз адам болуп калбайт;

- Ошол эле учурда жакшы окуп, билим берүү тармагында көп ийгиликтерди жараткан, репутациясы жогору адамдан адеп-ахлаксыздыкты, тарбиясыздыкты көрүүгө болот. Андыктан, жогорку билими барлардын баары эле тарбиялуу боло бербейт.

- Билимдүүнүн баары эле тарбиясыз деп айтуу да мүмкүн эмес.

Андыктан, урматтуу ата-энелер балаңыздын билиминен мурун тарбиясына көңүл буруңуз. Балаңыз жакшы окуп күндө «беш» деген баа алып келиши мүмкүн, олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыздап илим-билимдин туу чокусуна чыгышы мүмкүн, бирок, адамдык сапаттарга ээ болбосо, таалим-тарбиялуу болбосо, андай билимдин эч кандай пайдасы болбойт.


Балдар сындырат, биз тарбиялайбыз


Балаңыз сөз укпаса...


Билимден мурун тарбия береличи!


ЭМНЕ ҮЧҮН БАЛАМДЫН ЭЧ НЕРСЕГЕ КӨҢҮЛҮ ЖОК?


Балаңызга үйрөтүңүз.


Балага шык берүүчү сыйкырдуу сөздөр.


"Балага китеп окутуунун 10 жолу".


Баланын дүйнөсүн таануу үчүн 30 суроо.