НББПнын максаттары
НББПнын максаттары



НББПнын максаттары

1. Окутуу аймагындагы максат:

Кесиптик ишмердикте азыркы билим берүүчүлүк технологияларды эффективдүү колдонууга жөндөмдүү бакалаврды физика-математикалык билим берүү аймагында физика профили боюнча комплекстүү жана сапаттуу даярдоо

2. Тарбиялоо аймагындагы максат:

Студенттердин социалдык-личносттук: максатка умтулуучулук, уюшкандык, жоопкерчиликтүүлүк, жарандык, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук ж. б. сапаттарын өнүктүрүү, алардын жалпы маданиятын, үзгүлтүксүз билим берүү жана өз алдынча билим алуу алкактарында кесиби боюнча өзүн өзү реализациялоого жана өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулуусун жогорулатуу.

Окутуунун натыйжалары

НББПны өздөштүргөн бүтүрүүчү :

1.Курчап турган дүйнө жөнүндөгү илимий билимдердин бүтүн системасына ээлик кылат, анын ичинде фундаменталдык физикалык закондордун жана теориялардын, физиканын техника менен байланышынын маани-маңызын, жашоодогу ролун түшүнөт, аталган билимдерге баа берип, аларды пайдалануу жана өнүктүрүү жөнүндөгү өз пикирин, мында физика аймагындагы илимий изилдөөлөргө катышууга да даяр экендигин, жарандык активдүү өңүттѳ (позицияда) тургандыгын, башка адамдарга аларды сыйлоо менен толеранттуу мамиле жасагандыгын кѳрсѳтүп, оозеки жана жазма сөздө илимдеги, билим берүүдөгү азыркы тенденцияларды эске алуу менен логикалык жактан туура, жүйөөлүү, даана баяндап бере алат.

2.Маалымат менен иштөөнүн негизги усулдарына, ыкмаларына жана ыктарына ээ, компьютердик каражаттарды пайдалана алат; кесиптик рефлексия жүргүзүп ѳздүк кесипкөйлүк даражасын өзү баалай алат жана мугалимдин кесипти-методикалык чеберчилигин талыкпай өркүндөтүп туруусу зарылдыгын түшүнөт. Жаңы билимдерди маалыматтык технологиялардын жардамында алып жана колдонууга, эмгек рыногунун өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашууга, кесиптик ишмердүүлүктѳ ишкердик билимдер менен көндүмдөрдү пайдаланууга жөндөмдүү.

3.КРда жалпы мектептик билим берүүнү стандартташтыруунун негизги жоболорун билет; мектептик физика курсу боюнча окуу-тарбиялык процессти пландаштыра алат жана ушул курстун окуу материалын илимий-методикалык жактан талдай алат; түрдүү типтеги жана түрдөгү физика сабактарын учурда жүзѳгѳ ашырылып жаткан программаларга ылайык долбоорлоого, аларды окутуунун эффективдүү формаларын, методдору менен каражаттарын, анын ичинде окутуунун интерактивдүү формаларын, методдорун пайдаланып жүзөгө ашырууга жөндөмдүү. Билим берүүчүлүк программаларды өз алдынча тандай алат жана аларды керектүү дидактикалык материалдарды тандап адаптациялап, окуу процессинде педагогикалык рефлексиянын негизинде пайдаланууга даяр.

4.Мектептик окуу физикалык экспериментин ага коюлуучу талаптарга ылайык жүргүзѳ алат, заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланып видеодемонстрацияларды жана компьютердик моделдерди демонстрациялоого даяр. ЖОЖдук жана мектептик физика курстары боюнча маселелерди чыгара алат жана окуучуларга мектептик физика курсу боюнча маселелерди чыгарууну үйрөтүүгө, аларды физикалык олимпиадаларга даярдоого, физика-техника боюнча изденүүчүлүк иштерге тартып, ушул багыттардагы кесиптерге багыттоого, физикага жана техникага арналган класстан тышкаркы иштерди (кечелерди, ийримдерди ж. б.) уюштурууга жөндөмдүү.

5.Билим берүү процессинде психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүгүн көрсөтө алат жана педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууга даяр; билим берүүнүн жыйынтыктарын алдын ала божомолдой алат жана мониторинг өткөрүп, окуучулардын жетишкендиктерин объективдүү баалай алат. Билим берүүчүлүк процесстин оптималдуу педагогикалык шарттарын камсыздоого мүмкүндүк берүүчү чөйрөнү туруктуу өнүгүү үчүн инсандыкка багыттап окутуунун принциптерине шайкеш түзүп калыптандырууга жөндөмдүү.

6.Педагогикалык-психологиялык жана кесиптик-методикалык илимий билимдердин маани-маңызын түшүнөт, ѳзүнүн болочок кесибинин социалдык маанилүүлүгүн баамдайт жана келечекте өз адистиги боюнча иштөөнү каалайт; физика-математикалык билим берүү аймагындагы илимий изилдөөлөргө катышууга кызыкдар. Билим берүүдѳ жеке тараптардын же тайпалардын кесиптик ишмердиктеги максаттарга жетүүсүнѳ шарт түзүүгѳ, физика боюнча билим берүүчүлүк аймактагы маданий-агартуучулук мүнөздөгү маселелерди аныктай алууга жана чечүүгѳ жөндөмдүү.

НББП калыптандыруучу компетенциялар

НББПны өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкү компетенцияларга ээ болот :

а) Универсалдык компетенциялар (УК)

Жалпы-илимий (ЖИК)

ЖИК-1: Курчап турган дүйнө жөнүндөгү илимий билимдерди сынчыл баалоого жана пайдалана алууга, жашоонун жана маданияттын баалуулуктарында багыт алууга жөндөмдүү, ошондой эле жарандык активдүү өңүттү (позицияны) ээлөөгө, адамдарга сыйлоо менен мамиле жасоого жана толеранттуулукту көрсөтүүгө жөндөмдүү.

Инструменталдык(ИК)

ИК-1: Мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде жумуш жана окутуу аймагында кызмат-иштик баарлашуу жүргүзө алууга жөндөмдүү.

ИК-2: Кызмат-иштик жана окутуу аймагындагы татаал көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы билимдерди маалыматтык технологияларды пайдалануу жолу аркылуу алууга жана колдонууга жөндөмдүү.

ИК-3: Кесиптик ишмердүүлүктѳ ишкердик (предпринимателдик) билимдерди жана көндүмдөрдү пайдаланууга жөндөмдүү.

Социалдык-личносттук жана жалпы-маданий(СЛЖМ К)

СЛЖМК-1: Жеке тараптардын (адамдардын) же тайпалардын кесиптик ишмердиктеги максаттарга жетүүсүн камсыздоого жөндөмдүү.

б) Кесиптик комптенциялар (КК)

КК-1: Кесиптик маселелерди чечүү үчүн психологиялык-педагогикалык компетенцияларды пайдаланууга даяр жана кесиптик ишмердикте педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын пайдаланууга даяр.

КК-2: Методикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмаларына (окутуунун моделдери, методлору, технологиялары жана ыктары) ээлик кылат жана окутуунун сапатын баалоо технологияларын колдонууга жөндөмдүү.

КК-3: Билим берүүчүлүк процесстин оптималдуу педагогикалык шарттарын (сергек жашоо, жаратылышты коргоо жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу, энергоэффективдүүлүк, маданий көп түрдүүлүк, гендер, инклюзия ж. б.) туруктуу өнүгүү үчүн инсандыкка багыттап окутуунун принциптерине шайкеш калыптандырууга жөндөмдүү.

КК-4: Окуп үйрөнүүчүлөрдү социалдаштыруунун методдору менен ыктарына ээлик кылат жана окуп үйрөнүүчүлөрдүн өзүн өзү инсандык аныкташы үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү.

КК-5: Билим берүүчүлүк программаларды өз алдынча тандай алат, аларга дидактикалык материалдарды тандай билет жана адаптациялагандан кийин аларды окуу процессинде педагогикалык рефлексиянын негизинде пайдалана алат.

КК-6: Предмет (предметтер) боюнча окуу сабактарын программанын темаларынын жана бөлүмдөрүнүн спецификасын эске алуу менен жана окуу планына ылайык пландаштырууга жөндөмдүү.

КК-7: Жүргүзүлгөн кесиптик рефлексиянын негизинде өздүк өнүгүү боюнча милдеттерди коё билет.

КК-8: Педагогикалык ишмердикти окутуунун интерактивдүү формаларын жана методдорун анын ичинде (CLIL) тилди пайдалануу менен жүзөгө ашырууга жөндөмдүү.

КК-9: Окуучулардын түрдүү аймактардагы өнүгүү (акыл, социалдык, моралдык ж. б.) деңгээлин диагноздой алат жана тиешелүү түрдө, ар кандай негативдүү таасирлерге (зомбулук, баңгизаттарды жана алкоголду колдонуу ж. у. с.) жол бербөө үчүн алдын алуучулук-профилактикалык иш жүргүзө алат.

КК-10: Окуу-тарбиялык процесстин сапатын камсыздоо үчүн окуп үйрөнүүчүлөрдүн жетишкендиктерин диагноздоонун азыркы методикаларын жана технологияларын, методдорун колдонууга даяр.

КК-11: Ата-энелер, кесиптештер, социалдык өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүүгө даяр.

КК-12: Балдар менен алардын курактык жана жекече (индивидуалдык) өзгөчөлөктөрүн жана билим алуучулук өзгөчө керектөөлөрүн (таламдарын) эске алуу менен өз ара аракеттешүүгө даяр.

КК-13: Окуучулардын окуудагы жана социалдык жетишкендиктерин ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып колдой алат.

КК-14: Окуучулар менен өнүмдүү каршы байланышты жүргүзө алат.

КК-15: Окуучулардын реалдуу өздүк тажрыйбага ээ болушуна өбөлгө түзөт жана аларды рефлексияны ишке ашыра алууга жана талдоо жүргүзө билүүгө үйрөтөт.

КК-16: Ѳзүнүн болочок кесибинин социалдык маанилүүлүгүн баамдайт, кесиптик ишмердикти жүзѳгѳ ашырууга мотивдешүүсү бар.

КК-17: Окуп үйрөнүүчүнү теманын үстүндө ар түркүн маалымат булактарын (окуу китептерин, журналдарды, массалык маалымат каражаттарын, интернет ресурстарын) рационалдуу пайдаланып өз алдынча иштөөгө үйрөтө алат.

КК-18: Окутууда кыйынчылыктары бар окуп үйрөнүүчүлөрдү (билим алуучулук өзгөчө керектөөлөрү бар балдарды) интеграциялай алууга жөндөмдүү.

КК-19: Окуп үйрөнүүчүнүн ар түркүн ишмердиктер менен алектениши үчүн шарттарды түзүүгө, жекече жана өз алдынча окутуп үйрөтүүнүн ар түрдүү формаларын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү.

КК-20: Окуп үйрөнүүчүлөрдүн жетишкендиктерин баалоонун ар түрдүү платформаларын жана критерийлерин пайдалана алат.

в) Кесиптик атайын компетенциялар (КАК)

КАК-1: Фундаменталдык физикалык закондордун жана теориялардын маңызын түшүнөт, физика боюнча билимдердин дүйнөнүн азыркы физикалык сүрөттөлүшүнө адекваттуу бирдиктүү системасына ээлик кылат жана физика илиминин аймагындагы изилдөөлөргө катышууга даяр.

КАК-2: Физиканы окутуу процессин учурдун талаптарына ылайык пландаштырып жана жүзѳгѳ ашыра алат, мында заманбап техникалык каражаттарды, анын ичинде санариптик технологияларды да эффективдүү колдоно билет.

КАК-3: Физикалык кубулуштарды байкоонун, мектептик физикалык экспериментти жүргүзүүнүн, анын ичинде чыныгы (натуралдык) тажрыйбаларды коюнун жана демонстрациялоонун, видеодемонстрациялар менен компьютердик моделдерди көргөзүүнүн, байкоолор менен эксперименттин жыйынтыктарын анализдөөнүн, физикалык маселелерди чыгаруунун методдоруна, ыкмаларына жана ыктарына ээлик кылат. Окуп үйрөнүүчүлөрдө физика боюнча эксперименталдык жана маселе чыгаруу билгичтиктерин калыптандырууга даяр.

КАК-4: Окуп үйрөнүүчүлөрдө физика боюнча предметтик компетенттүүлүктѳрдү (физикалык билимдердин системасын ѳздѳштүрүү жана илимий суроолорду коё билүү ж. у. с.) калыптандыруунун ыктарына ээлик кылат.

КАК-5: Физика-математикалык билим берүүнүн проблемалары боюнча илимий изилдөөлөргө катышууга даяр; физиканын жетишкендиктерин калктын калың катмарына жеткирүүнүн, физика мугалимдери үчүн заманбап методикалык материалдарды иштеп чыгып, жайылтуунун зарылдыгын түшүнѳт жана келечекте ушундай иштерди жүргүзүүнү каалайт.