Тарыхы
ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫНАН Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети – жогорку билим берүү жана илим изилдөө жаатында салттуу түзүмгө ээ болгон жана Ош мамлекеттик университети менен жашташ факультет. Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы №1142-токтому менен Ош мугалимдер институту ачылып, 1940-жылы анын базасында биринчи жолу табият таануу-география адистигине студенттер кабыл алынган. 1944-1945-окуу жылында 1-курсуна 59 студент кабыл алынган. 1951-жылдын 18-июлунда Кыргыз ССРнин КП БКнин жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин биргелешкен токтомунун негизинде Ош мамлекеттик педагогикалык институту түзүлүп, табият таануу жана география кафедрасы ачылган. 1952-1953-окуу жылында табият таануу факультетинде ботаника, зоология, химия жана дене тарбия кафедралары өз ишмердүүлүктөрүн алып барышкан. 1954-1955-жылдары табият таануу факультети биология факультети деп аталган. 1960-жылы география боюнча жаңы адистер даярдала баштаганына байланыштуу табият таануу жана география факультети деп өзгөртүлгөн. Анын материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасын кеңейтүү үчүн Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде агробиостанция түзүлүп, ал жерде ботаника, зоология жана айыл чарбанын негиздери предметтери үчүн лабораториялар ачылып, илимий изилдөө багытындагы эксперименттер жүргүзүлө баштаган. 1966-1973-жылдары табият таануу жана география факультети кайрадан биология факультети деп аталып, иш алып барган. 1985-жылы зоология кафедрасынын базасында география адистиги кайра ачылган. 1988-жылы факультет азыркы пайдаланып жаткан жаңы имаратка көчүү менен анын материалдык-техникалык базасы жаңы сапатка көтөрүлгөн. 1992-жылы айыл чарба бөлүмү ачылып, алгачкы жолу зооинженерия жана агрономия адистиктери боюнча кадрларды даярдоо башталган. 1996-жылдан агроэкология жана агроэкономика адистиктери ачылган. 2001-жылы колдонмо геодезия багыты боюнча адистик ачылган. 2012-жылы Кыргызстандын жогорку билим берүү эки баскычтуу билим берүү системасына өткөндүгүнө байланыштуу факультетте бакалавр жана магистратура боюнча даярдоо иши башталган. Ошол эле жылы “туризм” багыты боюнча бакалаврга кабыл алуу болгон. 2014-жылы табигый илимий билим берүү (биология, химия, география) жана туризм багыттары боюнча магистратурага кабыл алуу башталган. 2018-жылы факультетте ветеринария багыты боюнча адистик кайра ачылды. Ошол жылы туризм, ветеринария жана геодезия боюнча атайын орто билим берүү иши башталды (2020-жылы өзүнчө колледж болуп бөлүнүп чыкты). 2020-жылы агрономия багыты боюнча бакалаврлар даярдала баштады.