ОН

М-1. Студенттерде инсандык сапаттарды өнүктүрүү, теология багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруу .

М-2. Теология багыты боюнча алган билимдерин илимий негизде улантууга, диний маселелерди илимий чечүү жолдорун сунуштай алган, педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзө ала турган жана эксперттик ишмердүүлүккө колдонууга даяр адис болуу менен динге байланыштуу бардык тармактарда тиешелүү тараптардын талаптарына жараша адистерди даярдоо.

2.1.2. ББПнын чегинде окутуунун натыйжалары максат жана милдеттерине ылайык аныкталган .

ОН-1: ЖК1+СИЖМК1

Кесиптик ишмердүүлүгүндө айлана–чөйрө жөнүндө илимий билимдердин системасына ээ болот жана жаңы билимдерди өздөштүрөт.

ОН-2: ИК1+ИК2+ИК3

Жумуш жана окутуу тармагында мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилинде ишке байланыштуу болгон баарлашуга, маалымат технологияларын колдонууга, ишкердик билимдерин колдоно билүүгө жөндөмдүү.

ОН-3: КК1+КК2+ КК3+ КК4

Теологиялык жана дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана ар кандай форматтагы илимий жыйындарга катышат.

ОН-4: КК5+КК6+КК7+ КК8+ КК9+КК10

Коомдун бардык сферасында теологиялык жана руханий-нравалык маданиятка салым кошуу менен педагогикалык-агартуучулук ишмердик жүргүзөт.

ОН-5: КК11+КК12+КК13+КК14

Коллективде уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүгүн жүргүү менен кесиптик маселелерди жөнгө салат, ар кандай деструктивдүү иштерди чечүүдө алган билимин колдонот.

2.2. Бакалаврды даярдоодогу НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптар.

531600 ТЕОЛОГИЯ багыты боюнча "бакалавр" академиялык даражасына ээ болуучу бүтүрүүчү төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болушу зарыл:

Жалпы компетенциялар:

а) универсалдуу:

жалпы илимий (ЖК):

ЖК-1 - курчап турган чөйрө жөнүндөгү илимий билимдерин колдоноо билүүгө жана сын берүүгө жөндөмдүү;

инструменталдык (ИК):

ИК-1 -жумуш жана окутуу тармагында мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилинде ишке байланыштуу болгон баарлашунуу жүргүзө алууга жөндөмдүү;

ИК-2 - жумуш жана окутуу тармагында татаал маселелерди чечүү үчүн маалымат технологияларын пайдаланып жаны билимдерди өздоштүрө жана колдоно алууга жөндөмдүү;

ИК-3 - кесиптик ишмердүүлүктө ишкердик билимдерин жана тажрыйбаларын колдоноо билүүгө жөндөмдүү;

социалдык-инсандык жанажалпымаданияттык(СИЖМК) :

СИЖМК-1 - жеке адамдын же жамааттын кесиптик ишмердүүлүктөрүндөгү максаттарына жетүүсүн камсыздого жөндөмдүү;

б) кесиптик (КК):

илим-изилдөөчүлүкишмердиги:

КК-1 - жогорураак квалификациялуу адистин жетекчилиги астында теологиялык жана сабактар аралык изилдөөлөргө катышууга жөндөмдүү, анын ичинде:

КК-2 - изилдөөнүн темасы боюнча илимий маалыматты чогултууга, анализдөөгө, классификациялоого жана систематизациялоого жөндөмдүү;

КК-3 - илимий отчетторду, ачыктама каттарды тузүү, илимий обзорлорду, аннотацияларды даярдоого, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн тематикасы боюнча рефераттарды жана библиографияларды тузүүгө жөндөмдүү;

КК-4 - семинарларга, илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга, илимий-изилдөө долборлордун ишине катышууга жөндөмдүү;

педагогикалыкишмердиги :

КК-5 - аргандай аудиторияларда заманбап реалдуулуктарды, муктаждыктарды жана күтүлгөн ахвалдарды эске алууга менен актуалдуу формада теология жана рууханий-нравалык маданиятка билимдерин колдонууга жөндөмдүү;

КК-6 - билим берүү программаларын иштеп чыгууга жөндөмдүү;

КК-7 - руханий-нравалык жана патриоттук тарбия маселелерин чечүүгө жөндөмдүү;

КК-8 - маданият, искусство мекемелериндеги, массалык маалымат каражаттарындагы агартуучулук ишмердике жөндөмдүү ;

КК-9 - конфессиялардын окуу-трабия жана агартуучулук ишмердигин камсыздоого катышууга жөндөмдүү;

КК-10 - традициялык билим берүү технологияларын жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окуу процессинде (окутуунун заманбап технологиялары) колдонууга ; жөндөмдүү

уюштуруу-башкаруучулук ишмердиги:

КК-11 - коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө, диний, этникалык жана улуттук жаатында конфликтерди, экстремизм, терроризм жана диний группалардын башка деструктивдик иштерин алдын алуу жана каршылык көрсөтүү чөйрөсүндө маселелерди чечүү үчүн теологиялык боюнча алган билимин колдонууга жөндөмдүү;

КК-12 - коллективде уюштуруу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик-конфессионалдык жана коомдук-конфессионалдык биргеликте аракеттешүүсүн теоретикалык жана практикалык камсыздоого катышууга жөндөмдүү;

КК-13 - кесиптик маселелерди чечүүдө иштерди уюштурууга жана пландаштырууга жөндөмдүү;

КК-14 - кесиптик функцияларды ишке ашырууда жардамчы административтик башкаруу персоналы ирээтиндеги ишке жөндөмдүү.