Тарбиялык иштер боюнча КОМПЛЕКСТҮҮ ПЛАНЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

МАДАНИЙ-МАССАЛЫК ЖАНА ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР БӨЛҮМҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

СТУДЕНТТИК КООМЧУЛУК МЕНЕН ИШТӨӨ БӨЛҮМҮ

«БЕКИТЕМИН»

ОшМУнун ректору,
профессор К.Г.Кожобеков
_______________________

1-сентябрь, 2023-жыл

Ош мамлекеттик университетинин 2023-2024-окуу жылы үчүн түзүлгөн тарбия, спорт, студенттик уюмдар, студенттик жатаканалар жана коомчулук менен иштөө боюнча

КОМПЛЕКСТҮҮ ПЛАНЫ

Бул комплектүү план 2023-2024-окуу жылы ичиндеги Ош мамлекеттик университетинде тарбия, уюштуруу, спорт иштери, студенттик уюмдар, студенттик жатаканалар жана коомчулук менен иштөө багытында аткарылуучу иш аракеттердин тартибин аныктап турат

Ош - 2023

УНИВЕРСИТЕТТИН МИССИЯСЫ, МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Университеттин миссиясы

- Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;

- билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу;

- жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды, улуттук, руханий маданиятты калыптандыруу;

- Мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий, саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүктө, илимде жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

Университеттин келечекке карай максаты –ОшМУну классикалык университеттен - дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөчү жана инновациялык университетке трансформациялоо.

Стратегиялык максат – Дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү. ОшМУну Борбор Азиядагы эң алдынкы 3 университеттердин бирине айландыруу.

Баалуулуктары:

• АДАМ РЕСУРСУ – университеттин негизги байлыгы;

• АРДАГЕРЛЕРИБИЗ – университетибиздин куту.

• ОРТО МУУН – окуу жайыбыздын жүзү.

• ЖАШТАРЫБЫЗ – университетибиздин келечеги.

• СТУДЕНТТЕРИБИЗ – элибиздин эртеңи.

• Муундар ортосундагы байланышты бекем кармоо аркылуу.

• КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ+ИЛИМ жана ИННОВАЦИЯ+РУХАНИЙ МАДАНИЯТТЫ айкалыштырган университетти өркүндөтүү!

Университеттин ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери:

• Башкаруунун философиясын өзгөртүү;

• Университеттин ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулук, демократиялуулук;

• Университетти башкарууга жамааттык катышуу;

• Социалдык жоопкерчилик;

• Жамааттагы ар бир адамга калыстык менен мамиле кылуу;

• Өз ара карым-катыш (тармактык, жамааттык карым-катыш);

• Ийкемдүү ыңгайлашуу;

• Бардык ишмердүүлүктө системалуу ой жүгүртүүнү калыптандыруу;

• Университеттин ишмердүүлүгүн гумандаштыруу;

• Жетекчилер жамаатка, окутуучулар студенттерге, кызматкерлер университетке ак дилден кызмат кылуусуна жетишүү.

Университеттин студенттик коомчулук менен иштөө боюнча жана тарбия багытында аткарылуучу иш-аракеттери Ош мамлекеттик университетин 2019-2024-жылдарында өнүктүрүү концепциясынын VII стратегиялык багытына ылайык жүргүзүлөт.

VII. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ

Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт

Стратеги ялык максаттар

Милдеттер

1.ОшМУ – жарандык билим бер үү жана руханий патриоттуулукка тарбиялоо борбору

1.1 Жаштарда патриоттуулукту, жарандык жоопкерчиликти, руханий маданиятты улуттук таалим тарбияны, салттуулукту сактоо сезимдерин калыптандыруу. Жаштардын эл аралык, коомдук жана башка уюмдары менен кызматташуусу.

· Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын пропагандалоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин өткөрүү жана уюштуруу.

· «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» жоболорун ишке ашыруу максатында факультеттерде жана студенттик жатаканаларда түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү.

· Жарандык жоопкерчиликти жана патриоттуулукту, улуттар аралык ынтымакты жана элдердин достугун өнүктүрүү максатында улуттук борборлордун белгилүү өкүлдөрү, эмгектин, согуштун ардагерлери, коомдук, мамлекеттик ишмерлер менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.

· КРдин Эгемендүүлүк майрамы күнүн, Билим күнүн, Мугалимдер күнүн, Мекенди коргоочулар күнүн,

Энелер майрамын, КРдин Конституция күнүн, Жеңиш күнүн, КРдин мамлекеттик символикаларынын күндөрүн ж.б. арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

1.2 Жаштарды маданий-эстетикалык жактан тарбиялоо

· Илимдин жана искусствонун ишмерлери, жазуучулар менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.

· Студенттердин маданий иш-чараларын, ж.б. уюштуруу.

· Университеттик, шаардык, республикалык жана эл аралык өздүк көркөм чыгармачылык конкурстарга катышуу.

1.3 Дене тарбия жана дени-сак жашоо образын калыптандыруу.

· Студенттер арасында Спартакиаларды өткөрүү

· «Үй-бүлө курууга карата» лекцияларды студенттер үчүн уюштуруу жана өткөрүү;

· СПИД, туберкулез,наркомания, алкоголизм, ж.б. көйгөйлөр боюнча атайын врач жана тиешелүү адистер менен баарлашуу, лекция, кечелерди студенттер арасында уюштуруу жана өткөрүү.

· Шаардык жана республикалык, эл аралык спартакиадаларга катышуу

1.4 ОшМУнун “Системдүү корруцияны демонтаждоо” боюнча деталдуу планына ылайык коррупциялык кылмыштарды кабыл албоо атмосферасын калыптандыруу

· Ички иштер орган кызматкерлеринин катышуусунда студенттик жаштардын арасында укук бузууларды профилактикалык жана эскертүү иш-чаралары

· Руханий-нравалык жана улуттук баалуулуктар жөнүндө илимий-документалдык фильмдерди демонстрациялоо жана лекцияларды уюштуруу

· «Таза сессия» акциясын уюштуруу жана өткөрүү

· Саясат таануучулар, коомдук ишмерлер, диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен диний экстремизм жана терроризм темасында талкуу, жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.

2.Студенттик өзүн-өзү башкаруу институтун өнүктүрүү

2.1 Студенттик чыгармачылык топторду, клубдарды жана уюмдарды колдоо

· Болон процесси боюнча студенттик Бюросунун иши

  • Бардык иштерде Ыктыярчылар коомун түзүү;
  • СТСО нын иштери

· Шаардык, республикалык иш чараларга, акцияларга, конкурстарга катышуу.

· Университеттин жаштар уюмдары жана жаштар саясаты жөнүндө маалымат буклеттерин, брошюраларын, журналдарын басмадан чыгаруу жана таркатуу. республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу

2.2 Жаштар саясаты боюнча мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн долбоорлорго жана тендерлерге катышуу.

· Жаңы долбоорлор жана сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу.

· Социалдык өнөктөштүк боюнча программаларды иштеп чыгуу.

· ОшМУнун студенттеринин корпоративдик маданиятынын кодексин иштеп чыгуу.

3.ОшМУнун ишмердүүлүгүн коомчулукка кеңири жеткирүү аркылуу аброюн көтөрүү.

3.1. Университеттин маалымат порталын модернизациялоо

3.2. Университеттин артыкчылыктарын, өзгөчөлүктөрүн, күчтүү жактарын коомчулукка жеткирүү.

ТВ, радио, газета, журнал, онлайн ресурстар, ютуб каналы ж.б. заманбап жолдор аркылуу

3.3. Университеттин ишин республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу

Бул комплектүү план Ош мамлекеттик университетиндеги факультеттердин деканынын жана колледждердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарларынын, Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун жетекчисинин, медиа бөлүмдүн жетекчисинин, студенттик кеңештин төрагасынын, акыйкатчы аппаратынын башчысынын, жатаканалар боюнча тарбиячынын, аялдар кеңешинин төайымдарынын, академиялык тайпалардын кураторлорунун жылдык иш планын түзүүгө негиз болот.

2022-2023-окуу жылында аткарыла турган иштер

1. Уюштуруу жана маалымдоо багытындагы иштер

иш чаралар

аткаруу мөөнөтү

жооптуулар

1

ОшМУнун тарбиялык иштеринин жылдык планын иштеп чыгуу жана тиешелүү структураларга таратуу

1-сентябрга чейин

студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмү

2

1-курска кабыл алынган студенттерге адаптациялык жумалыкты өткөрүү

22-30-август

ОИД, студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмү, декандар/ директорлор

3

Студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин иштөө тартибин аныктоо жана бекитүү

1-сентябрга чейин

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор

4

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборго студенттик ийримдердин иштөө тартибин аныктоо жана бекитүү

5-сентябрга чейин

борбордун башчысы

5

Нур гезитине, Үмүт телестудиясына ыктыярчы студенттер менен иштөө тартибин аныктоо жана бекитүү

15-сентябрга чейин

маалымат бөлүмү

6

Факультеттердин жана колледждердин тарбия иштеринин 2022-2023-окуу жылы үчүн иш пландарын бекитүү

5-сентябрга чейин

декандын/ директордун орун басарлары

7

Студенттик уюмдардын 2022-2023-окуу жылы үчүн пландарын бекитүү

5-сентябрга чейин

студенттик уюмдардын башчылары

8

Студенттик тайпаларда кураторлорду дайындоо жана бекитүү

10-сентябрга чейин

декандын /директордун орун басарлары

9

Ректор менен декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын тарбия иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүүсү

окуу жылы ичинде бир жолу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор

10

Ректордун студенттик актив менен жолугушуусу

окуу жылы ичинде эки жолу

студенттик кеңеш

11

Университеттин жатаканаларынын активдери, студенттери менен ректордун жолугушуусу

окуу жылы ичинде бир жолу

жатаканалар боюнча тарбиячы

12

Декандын / директорлордун тарбия ишгтери боюнча орун басарлары менен кеңешмелерди өткөрүү

айына бир жолу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор

13

Студенттик уюмдар менен жыйындар

жумасына бир жолу

студенттик уюмдардын башчылары

14

Студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмүн жыйындарын өткөрүү

айына бир жолу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор

15

Аялдар кеңеши менен мезгилдүү жыйындарды өткөрүү

айына бир жолу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор

16

Университеттин жатаканаларынын коменданттары менен жыйындарды өткөрүү

айына бир жолу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор, жатаканалар боюнча тарбиячы

17

Университеттин жатаканаларынын активдери, студенттери менен жыйындарды өткөрүү

айына бир жолу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор, жатаканалар боюнча тарбиячы

18

Студенттик коомчулук менен иштөө жана тарбия иштерин уюштуруу багытындагы иштерди аткарууну жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгуу, бекитүүгө сунуштоо, таратуу

системалуу

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор

19

Студенттик коомчулук менен иштөө жана тарбия иштеринин жыйынтыктарын чыгаруу, отчетторду даярдоо

октябоь, июнь

студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор, декандын/ директордун орун басарлары

20

Университеттеги жанылыктар, жетишкендиктер, иш чаралар жана алдыңкы тажрыйбалар боюнча ММКларга, интернет маалыматтык булактарына социалдык тармактарга маалымдоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү

системалуу

маалымат бөлүмү

21

Университеттин официалдуу сайтын, социалдык тармактардагы баракчаларын актуалдуу маалыматтар менен камсыздоо

системалуу

маалымат бөлүмү

22

Студенттер, ата-энелер, иш берүүчүлөр менен кайтарым байланыштарды уюштуруу жана ага ылайык ыкчам пландарды түзүү

регулярдуу

маалымат бөлүмү

23

Мамлекеттик бийлик органдары, коомдук уюмдар, сырткы өнөктөштөр, башка ЖОЖдор, ММКлар менен жаштар саясатын жүргүзүү боюнча кызматташууну уюштуруу

системалуу

студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмү, маалымат бөлүмү

2. Окуу, кесипке багыт берүү боюнча иштер

иш чаралар

аткаруу мөөнөтү

жооптуулар

1.

Студенттик чөйрөгө мониторинг жасоо жана аныкталган көйгөйлөрдү алдын алуу, күрөшүү, кесепеттерин жоюу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү

системалуу

студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмү, декандын/ директордун орун басарлары

2.

Куратордук иштерди жүргүзүү: куратордук сабактарды өткөрүү, сабакка катышуу, жетишүү, студенттин тартиби жана катышуу-жетишүүсү боюнча ата-энелерге маалыматтарды берүү (куратордук сааттар үчүн тематикалык план №1 тиркемеде келтирилген).

системалуу

кураторлор

3.

“ЖОЖдо окуп жатып карьералык траекторияны куруу” семинарлардын сериясын өткөрүү (UNDP менен биргеликте)

жыл ичи

студенттик кеңеш

4.

Кесипке багыт берүү боюнча жолугушууларды, вебинарларды, тегерек столдорду өткөрүү

системалуу

декандын орун басарлары, кураторлор

5.

Студенттин жүрүм-турум кодекси боюнча эреже бузууларды алдын алуу, болтурбоо жана эреже бузуулар аныкталган кырдаалдарга карата мамилелер боюнча талкууларды уюштуруу

жыл ичи

студенттик акыйкатчы аппараты, декандын орун басарлары, кураторлор

6.

“Академиялык чынчылдык, студенттерде бул маданиятты калыптандыруу маселелери” боюнча 1-курстун студенттерине

вебинар, талкуу, тегерек стол өткөрүү, видео материалдарды даярдоо

жыл ичи

студенттик акыйкатчы, декандын/ директордун орун басарлары

7.

ОшМУнун студенттик кеңеши тарабынан уюштурулуучу студенттик долбоорлорго студенттерди даярдоо жана катыштыруу

жыл ичи

студенттик кеңеш, декандын/ директордун орун басарлары

8.

Студенттер арасында интеллектуалдык конкурстарды уюштуруу

жыл ичи

студенттик кеңеш

9.

Академиялык эреже бузууларды (коррупцияны) алдын алуу, болтурбоо, кесепеттери менен күрөшүү багытындагы иш чараларды уюштуруу

жыл бою

акыйкатчы аппараты

10.

“XXI кылымдын кадрлары” студенттик демилгелер форумуна студенттерди даярдоо жана катыштыруу

октябрь, ноябрь

студенттик кеңеш, декандын/ директордун орун басарлары

3. Адеп-ахлактык, улуттук дөөлөттөргө, гуманизмге тарбиялоо боюнча иштер

иш чаралар

аткаруу мөөнөтү

жооптуулар

1.

Даталуу күндөрдү белгилөө иш чараларын уюштуруу (даталуу күндөр №2 тиркемеде тизмеленген)

Жыл ичинде

таланттар академиясы, декандын/директордун орун басарлары

2.

3-курстун жыйынтыгы менен Президенттик стипендиянын кандидаттарын аныктоо боюнча конкурс уюштуруу

30-сентябрга чейин

декандын/директордун орун басарлары, атайын комиссия

3.

Атуулдук стипендия үчүн конкурс уюштуруу, жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземин өткөрүү, стипендиаттар жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

1-ноябрга чейин

декандын/директордун орун басарлары, атайын комиссия

4.

“Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чара (талкуу, тегерек стол, жолугушуу ж.б.у.с.) уюштуруу

жыл ичи

декандын/директордун орун басарлары, студенттик кеңеш

5.

“Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” концепциясын ишке ашыруу максатында спортту пропагандалоо иш чараларын уюштуруу

жыл ичи

ОшМУнун спорт клубу

6.

2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата Ош шаарындагы тоолорго жана туристик базаларга тазалык акцияларын уюштуруу

ноябрь, декабрь

студенттик кеңеш

7.

Чет өлкөлүк студенттерге укуктук жардам көрсөтүү максатында эксперттер менен жолугушууларды уюштуруу

октябрь

чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмү

8.

ОшМУнун ректорунун кубогу үчүн ЖОЖдор аралык интеллектуалдык таймаш уюштуруу жана өткөрүү

ноябрь

ОшМУнун студенттик кеңеши

10.

“Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу максатында иш чараларды (тегерек стол, талкуу, жолугушуу, ж.б.у.с.) уюштуруу жана өткөрүү

ноябрь

декандын, директордун орун басарлары

11.

“XXI кылымдын компетенциялары” көндүмдөрдүн чемпионатын уюштуруу жана өткөрүү

декабрь

студенттик кеңеш, студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмү

12.

“Китеп окуйбуз” бир айлыгын факультетте/колледжде уюштуруу

апрель

декандын, директордун орун басарлары

13.

Жаштарды мекенчилдикке үндөгөн маданий массалык иш чара уюштуруу жана өткөрүү

февраль

декандын, директордун орун басарлары

14.

Университетти жашылдандыруу, ишембилик өткөрүү акцияларына студенттерди катыштыруу

системалуу

декандын, директордун орун басарлары

15.

Окумуштуулар кеңешинин стипендиаттарын аныктоо боюнча конкурс уюштуруу

май

декандын/директордун орун басарлары, атайын комиссия

4. Маданий эстетикалык тарбия жана студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүү багытындагы иштер

иш чаралар

аткаруу мөөнөтү

жооптуулар

1.

Студенттерге ОшМУда уюштурулуучу студенттик ийримдерге кабыл алуу жана ишин уюштуруу

Жыл ичи

таланттар академиясы, декандын/ директордун орун басарлары

2.

Студенттик Нур гезитине жана Үмүт ТСга ыктыярчы студенттерди кабыл алуу жана алардын ишин уюштуруу

жыл ичи

маалымат бөлүмү

3.

Даталуу күндөргө карата майрамдык кечелерди өткөрүү (даталуу күндөр №2 тиркемеде тизмеленет)

жыл ичи

таланттар академиясы, декандын/ директордун орун басарлары

4.

«Үмүт» телестудиясы, «Нур» гезити аркылуу даярдалган мезгилдүү көрсөтүүлөрдү, рубрикаларды даярдоо жана чыгаруу:

«Жаңылыктар” – ОшМУ жаңылыктары

“МедЛайф” – Окуу жайдын медицина тармагы тууралуу көрсөтүүлөр

“Спорт дүйнө” – ОшМУнун спортчулары тууралуу көрсөтүүлөр

“Муз-тайм” – окуу жайдын искуство, маданият тармагы тууралуу көрсөтүүлөр

“Чек эмес” - Баардык тармактагы мыктылар (окутуучусу студенти, директор,проректру) тууралуу

“Омүр сапар” - Окуу жайдагы илимпоздор тууралуу көрсөтүүлөр

“Биз келечек” – окуу жайдын бала бакча, мектеп-лицейлери тууралуу

“СтудЛайф” – маанайшат көрсөтүү

“ОшМУдан кат” – ата-энелер үчүн теле долбоору

“Пикир ордо” – дебат теледолбоору

жыл ичи

маалымат бөлүмү, студенттик кеңеш

5.

Адистен кеңеш алуу, адис менен жолугушуу иш чараларын уюштуруу жана өткөрүү

системалуу

аялдар кеңеши

6.

Автордук чыгырмачылык кечелерди уюштуруу

жыл ичи

таланттар академиясы

7.

ОшМУда театр жумалыгы

сентябрь

студенттик кеңеш

8.

Студенттерди биринчи курска кабыл алуу аземин уюштуруу жана өткөрүү

ноябрь

таланттар академиясы, декандын/ директордун орун басарлары

9.

Жаны жылдык иш чаралар

декабрь

декандын/ директордун орун басарлары

10.

“STEM жана искусство” фестивалын уюштуруу жана өткөрүү

март

таланттар академиясы

11.

Студенттик ийримдердин ишин жыйынтыгын коомчулукка алып чыккан иш чара уюштуруу жана өткөрүү

апрель

таланттар академиясы

12.

“Ак жол, сага бүтүрүүчү” бүтүрүүчүлөрдүн аземин уюштуруу

май

таланттар академиясы, декандын/ директордун орун басарлары

5. ОшМУнун кызматкерлеринин жана студенттеринин ден соолугун чындоо, спортко, сергек жашоого үндөө багытындагы иштер

иш чаралар

аткаруу мөөнөтү

жооптуулар

1.

Жатаканаларга кабыл алынган студенттерди медициналык кароодон өткөрүү

сентябрь

медициналык клиника, жатаканалар боюнча тарбиячы

2.

1-курска кабыл алынган студенттерди медициналык кароодон өткөрүү

атайын график боюнча

медициналык клиника, декандын/ директордун орун басарлары

3.

Жатакананын жашоочулары үчүн ден соолукка кам көрүү, өздүк гигиена, жугуштуу оорулардан сактануу боюнча иш чараларды уюштуруу

жыл ичи

медициналык клиника, жатаканалар боюнча тарбиячы

4.

ОшМУнун мыкты спортчулары жөнүндө видеороликтерди даярдоо, коомчулукка жарыялоо

жыл ичи

спорт клубу, маалымат бөлүмү

5.

Ош облусунун райондор аралык мектеп окуучулары үчүн волейбол боюнча “Мектеп лигасын” уюштуруу жана өткөрүү

жыл ичи, атайын графикке ылайык

спорт клубу, маалымат бөлүмү

6.

1-курстун студенттери үчүн факультеттер аралык спартакиада уюштуруу жана өткөрүү

октябрь

спорт клубу, декандын/ директордун орун басарлары

7.

Колледждер аралык студенттик спартакиада уюштуруу жана өткөрүү

октябрь

спорт клубу, декандын/ директордун орун басарлары

8.

Республикалык ЖОЖдор аралык өткөрүлүүчү студенттик универсиадага университеттин командаларын аныктоо жана машыгуу тартибин иштеп чыгуу, командаларды мелдешке даярдоо

жыл ичи

спорт клубу

9.

ОшМУнун кызматкерлери үчүн структуралар аралык спартакиада уюштуруу жана өткөрүү

атайын графикке ылайык

спорт клубу, декандын/ директордун орун басарлары

10.

“Спорт менен машыгуу жана сергек жашоо маданиятын калыптандыруу” студенттер арасында иш чаралар

спорт клубу, студенттик кеңеш

11.

“СПИДди токтотобуз, Кыргызстанды сактайбыз” ураанынын алдында иш чараларды уюштуруу

декабрь

декандын/ директордун орун басарлары

12.

Республикалык педагогдордун арасында өткөрүлүүчү “Ден соолук” спартакиадасына университеттин командаларын түзүү, даярдануусун камсыздоо, көзөмөлгө алуу

март-июнь

спорт клубу

6. Биринчу курстар менен жүргүзүлүүчү иштер

иш чаралар

аткаруу мөөнөтү

жооптуулар

1.

Студенттик тайпалардын активдерин шайлоо

10-сентябрга чейин

декандын/ директордун орун басарлары, кураторлор

2.

Университетке саякат: кафедра, деканат, университет, студент үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштыруу; социалдык пакеттер, атуулдук стипендия, президенттик стипендия, ОшМУнун ОКсынын стипендиясы жөнүндө маалымат алуу

сентябрь ичи

кураторлор

3.

“Студент кантип окушу керек?” деген суроо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. AVN МС, KelBil тиркемеси, кредиттик технология, учурдук, чектик, модулдук, жыйынтыктоочу текшерүүлөр, баалоо саясаты жөнүндө маалымат алуу

сентябрь, октябрь ичи

кураторлор

4.

ОшМУнун китепканалары, электрондук китепканасы менен таанышуу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жөнүндө маалымат алуу. Окурмандык китепчени алуу, колдонуу тартиптери

сентябрь, октябрь ичи

кураторлор, китепкана кызматкерлери

5.

Ош шаарында жайгашкан китепканаларга, театрларга, музейлерге саякат жасоо

жыл ичинде

кураторлор, студенттик кеңеш

1.09.2023