Кафедранын илимий иштери

ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЙЫНТЫК

2024-жылдын 20-апрелинде ОшТУда өткөрүлгөн XI аймактык олимпиада жыйынтыкталды. КЫРГЫЗ ТИЛИ предметинен аймактыктык олимпиадада студенттери байгелүү орундарды алган кафедранын окутуучулары Рахат Бекмуратованы жана Жазгүл Максутованы КУТТУКТАЙБЫЗ. Окуу жайга олжо, жамаатка сыймык жана окутуучуларга барк алып келген төмөндөгү студенттерибизди КУТТУКТАЙБЫЗ: Баштоочу тайпа: 1-ОРУН — Орус филологиясы факультетинин РЛ(б)-3-23 тайпасынын студенти Шамшиева Машхурахон (окутуучусу Жазгүл Максутова) Улантуучу тайпа: 1-ОРУН — Физика-техника факультетинин ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай(окутуучусу Рахат Бекмуратова); 2-ОРУН — Орус филологиясы факультетинин РЛ(б)-3-23 тайпасынын студенти Жөжөбекова Аяна (окутуучусу Жазгүл Максутова). Билим бааланса, мээнет акталат. Ийгиликтериңизге ортоктош, жеңишиңиздерге тилектешпиз.












ТИЛДИ ДЕҢГЭЭЛДЕП ОКУТУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК МЕТОДДОР аталышындагы эл аралык илимий-усулдук онлайн семинар

Илимий-усулдук семинар ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып, ага Ош мамлекеттик университетинин, Түркия Республикасынын Фырат жана Нигде Өмер Халисдемир университеттеринин, Өзбекстан Республикасынын А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин, Казакстан Республикасынын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин, Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун өкүлдөрү катышышты. Семинарда ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Аттокуров Курсантбек Шарабидинович кызматташуу алкагындагы бараандуу иштерди белгилеп, семинарды уюштурган ОшМУнун КФжЖ факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады. Жогоруда аталган окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчилери кызматташтык алака мындан ары уланып, тилди деңгээлдеп окутуудагы маселелерди чечүүдө илимий-усулдук жактан көмөктөшүп, тажрыйба алмашуу чөйрөсү үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү белгиленди. Баяндамалардын, сунуш-пикирлердин, талкуунун жыйынтыгында кесипкөй адистерди даярдоодо тилди деңгээлдеп окутуунун мааниси чоң экендиги белгиленип, инновациялык методдорду тилди окутуудагы алдыңкы тажрыйба катары билим берүү жараянында жайылтуу сунушу айтылды. Бир баба тилден таркаган түрк тилдерин окутуудагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу менен бирге тилди деңгээлдеп окутуу, эл аралык маданий, илимий, усулдук иш-чараларды биргеликте өткөрүү, эл аралык долбоорлор, программалар менен иш алып баруу, тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү колго алуу максатында эстафеталык түрдө ар жылы 2 ирет (бир семестрде 1 жолу) семинар-конференцияларды уюштуруу жагы сунушталды.

























ИЛИМИЙ ДИСКУРС

16.04.2024

Кафедранын доценти Алиева Фарида Эсеновнанын "Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы микротопонимика этникалык эс тутум катары" деген темадагы илимий макаласынын талкуусу өттү. Угуучулар макаланын методологиясы аныкталгандыгына, жаңычылдыгына, актуалдуулугуна токтолушуп, баяндамачыга баалуу пикирлерди билдиришти.

ОшМУнун 85 жылдыгына карата илимий жумалыктын алкагында илимий-изилдөө багытындагы иш-чаралар байма-бай өтүлүп турмакчы.


Видео ссылка


Илимий иштердин планы-2024 Илимий иштердин отчету.2023-жыл


ОшМУнун факультеттеринде ОЛИМПИАДА

Кыргыз тили предметинен факультеттерде олимпиада болуп өттү.

Жазуу жумуштары (жат жазуу, баяндама), тест (гугл форма) алынып, жеңүүчүлөр белгиленди.




КЫРГЫЗ ВИКИПЕДИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

2024-жылдын 21-февралында "Кыргыз Википедиясын тутумдук өнүктүрүүгө" багытталган семинар кафедранын окутуучулары үчүн уюштурулуп, мамлекеттик тилде Википедияга макала жазуу жана түзөтүү, энциклопедиялык маалыматтарды жазуу жана булактар менен иштөө, студенттердин өз алдынча иштөөлөрүн оптималдаштырууга булак катары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, кенен баяндап берген кыргыз википедиячысы, активист Элбек Хабибуллаевге ыраазычылык билдиребиз.

Долбоорлор менен иштөө, мамлекеттик тилдеги макалаларды жакшыртуу, коомчулукка сабаттуу маалыматтарды жеткирүү ж.б. максатындагы кызматташуубуз улана бермекчи.




ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


Бүгүн, 2024-жылдын 13-мартында КЫРГЫЗ ТИЛИ предметинен (баштоочу, улантуучу) XI аймактык студенттик олимпиадага катышуучулар тандалды.

Баштоочу тайпа:

1-орун: Шамшиева Машхурахон (Орус филологиясы факультетинин студенти. Окутуучусу Жазгул Максутова);

2-орун: Хамдамова Садия (Медицина факультетинин студенти. Окутуучусу Гулнара Толубаева);

3-орун: Алимжанова Шаходат (Табият таануу жана агрардык технологиялар факультети. Окутуучусу Фарида Алиева).

Улантуучу тайпа:

1-орун: Жөжөбекова Аяна (Орус филологиясы факультети. Окутуучусу Жазгул Максутова);

2-орун: Абдиламитова А. (Физика-техника факультетинин студенти. Окутуучусу Рахат Бекмуратова);

3-орун: Сегизбаева Даткайым (Юридика факультетинин студенти. Окутуучусу Кызбурак Маданова).

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

Кийинки баскычтарга үлкөн ийгиликтерди каалайбыз!

СТУДЕНТТЕР ИЛИМДЕ

2024-жылдын 26-мартында А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан өткөрүлгөн “Нарктуу үй-бүлөлүк педагогика” аталышындагы студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясына ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун ГД(б)-1-21 тайпасынын студенти Шарип кызы Майрам кафедранын улук окутуучусу Жыпаргүл Айтибаеванын жетекчилигинде “Тарбия башаты – үй-бүлө. Салттуу тарбия” аталышындагы макаласы менен катышып, мазмундуу баяндама жасады. Баяндама катышуучулардын кызыктуу талкуусун жаратып, басмага сунушталды.