Профрриентациялык иштер

2020-2021-окуу жылынан баштап Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсуна “Бакалавр” системасы боюнча студенттерди төмөнкү багыт боюнча кабыл алынууда.

Бакалавриат


1). 510700. Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат:
Урматтуу абитуриенттер!

Эгерде силер күнү-түнү продукция өндүрүп, Интернетти багындыргыңар келсе ошону менен бирге мыкты математик, мекеме-ишканаларда башкарууну автоматташтыргыңар келсе анда Ош МУнун МОАИС адистигине тапшыргыла!

Кесипке багыттоо боюнча суроолор

1. Кыздар программист боло алабы?
Жооп: Ооба, боло алат. Кыздардан эң жакшы программист чыгат, анткени алар өтө сезимтал жана аракетчил келишет. Мисалы, дүйнөдөгү №1-программист Августа Ада Лавлейс болгон. Ал 1815-жылы 10 декабрда төрөлгөн жана улуу англис акыны Джордж Байрондун кызы болгон. Августа Ада Лавлейс Беббедждин аналитикалык машинасына программа түзгөн жана биринчи болуп “цикл” түшүнүгүн киргизген.
2. Күнү-түнү продукция өндүрүү дегенди кандай түшүнсө болот?
Жооп: Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан түшүмдү 1 жылда бир жолу гана алууга болот деген философия элдин аң-сезимине сиңип калган. Бүгүнкү күндө күчтүү инженер-программист аба-ырайынын жаанчыл же жер семирткичтердин таңкыс экендигине карабастан күндүзү деле, түнү деле убактысына карап программа түзүп, тигил же бул маселени чыгара ала турган программалардын пакетин түзө алат. Мына ушул программалардын пакети программист өндүргөн продукция болот, б.а. товар болот. Аны колдонсо да болот, пайда тапса да болот жана сатса да болот.
3. Ош МУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн кошумча тесттеги баллы канча болуш керек?
Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн адистик контракттык бөлүмүнө тапшыруу үчүн негизги тести 110 баллдан жогору болуш керек, ал эми кошумча тесттин болушу талап кылынбайт.
4. Эгерде “МОАИС” адистигин бүтүрсө кандай кызматтарда иштей алат?
Жооп: “МОАИС” адистигин бүтүргөндөр инженер-программист, программист-аналитик,системдик-администратор, информацияны коргоочу программист, башкы программист, программалык жабдуу боюнча башкы адис, маалыматтар базасынын администратору, эсептөө инженер-инструктор, эсептөө системасынын илимий кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору,ар кандай өндүрүштүк инканаларда, информатика мугалими, математика мугалими сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.