Фото галерея

“Компетенттүү мугалим -2023” ДУБАЙ

“Компетенттүү мугалим - 2023” Республикалык конкурсунун катышуучусу Ош мамлекеттик Университетинин Медициналык колледжинин Медайым ишинин негиздери ПЦКсынын улук окутуучусу Чотурова Уулкыз Абдысатаровна.

Конкурстун 1- шарты боюнча берилген биринчи тапшырма ”Кесибим менин сыймыгым” аттуу кечени өткөрдү.Кечеге колледждин админстрациясы, окутуучулар жана студенттер катышышты. Кечеде “Кесибим менин сыймыгым” деген темада видео ролик сынагы жүргүзүлдү. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Конкурстун 2-шарты боюнча ачык сабак өтүү. Улкыз Абдысатаровна Гирудотерапия “Сүлүк менен дарылоо” темасында Акушердик иши адистигинин АД3-22 тайпасына ачык амалият сабагын өттү.

“Компетенттүү мугалим -2023” ДУБАЙ Республикалык конкурсунун жыйынтыгында Чотурова Уулкыз Абдысатаровна Жеңишке ээ болуп Дубайга жолдомо алды.


  12-май мед айымдардын майрамына карата адистиктер аркылу КВН шоу откорулду.    


12-май Буткул дуйнолук медайымдардын майрамы .

ОшМУнун Медициналык колледжинде 2023-жылдын 12- майында Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнүнө арналган САРМЕРДЕН шоу адистик тайпалар арасында, Медайым ишинин негиздери ПЦКсынын окутуучулары тарабынан өткөрүлдү.

Жооптуу окутуучулар:

Асанбекова Зуура Садирбековна жана Раимжанова Гулзат Мухамбетжороевналар даярдашты. Майрам кечесине Ош шаарынын башкы медайымдары конокко чакырылып калыстар тобун түзүп беришти.

Конкурстун жыйынтыгында 1-2- даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды жана активдүү катышкан студенттерге грамота ыйгарылды. Конкурс абдан кызыктуу өттү.


12-май Буткул дуйнолук медайымдардын майрамы.

ОшМУнун Медициналык колледжинде 12- май Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнүнө арналган КВН шоу адистик тайпалар арасында, Медайым ишинин негиздери ПЦКсынын окутуучулары тарабынан өткөрүлдү. Майрам кечесине Ош шаарынын башкы медайымдары конокко чакырылып калыстар тобун түзүп беришти.

Ош областтык кургак учукка каршы күрөшү борборунун мээрбандык иштери боюнча орун басары - Кожонова Урниса.

Уй бүлөлүк медицина борборунун башкы медайымы –

Алимбаева Санжира.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын медицина кызматынын мээрбан эжеси - Жоробаева Нургуль.

Конкурстун жыйынтыгында 1-2-3 даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды жана активдүү катышкан студенттерге грамота ыйгарылды. Конкурс абдан кызыктуу өттү.


Бүгүн 28-апрелде ОшМУда “Ачык эшиктер күнү” белгиленип, Медайым ишинин негиздери ПЦКсы жана студенттери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө адистиктер жөнүндө, келечек кесибиндеги артыкчылыктары жана адистиктин актуалдуулугу жөнүндө маалыматтарды беришти.


Ден соолук 2022

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт Департаментинин спорттук-массалык иш чараларды откоруу жана жаштар менен иштоо боюнча Жаштык дирекциясы тарабынан уюштурулган Ош шаарынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасында "Ден соолук 2022" спартакиадасынын СТРИТБОЛ мелдеши боюнча Медайым ишинин негиздери ПЦКсынын окутуучусу Таирова Жаркынай Сулеймановна биринчи орунду ээледи.



Окутуучулар арасында волейбол оюну

Медициналык колледжинин ПЦКлар аралык аялдардын эл аралык майрамына карата жана ден соолукту чыңдоо максатында спорттун волейбол түрү боюнча окутуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Медайым ишинин негиздери ПЦКсынын окутуучулары биринчи оорунду багындырышты.


"Медайым ишинин негиздери" циклынын окутуучуларынын 2021-2022 окуу жылында 2022-жылдын 4-апрелинен 9-апрелине чейин студенттик №6 жатаканага бир жумалык кузотко турушту.


2023-жылдын 11-мартында "Медайым ишинин негиздери" ПЦКсынын окутуучусу, медициналык колледжинин аялдар кенешинин торайымы Чотурова Уулкыз Абдысатаровна 2СД1-21 куратордук тайпасына «Кыз адеби кымбат» аттуу темада ата энелер чогулушун отту. Чогулушка тайпадагы студенттердин уй булоосунон бирден окул жана медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жакыпова Гулмира эжеке, ПЦК нын торайымы Барынбаева Айнура Абдыкалыковнакатышышты.