History
ПЦКнын тарыхы. “Стоматологиялык жана хирургиялык дисциплиналар” ПЦКсы: 2011-жылдын 1-октябрында Медициналык колледжинин педагогикалык кеңешинин чечими менен “Акушердик жана хирургиялык дисциплиналар” жана “Терапиялык дисциплиналар” кафедраларынан өз алдынча бөлүнүп №497 буйругунун негизинде “Стоматологиялык дисциплиналар” кафедрасы болуп аталды. Стоматологиялык дисциплиналар кафедрасын улук окутуучу,Саламаттык сактоонун мыктысы Мамаева Тамара Абдыкадыровна жетектеп 2020-жылы сентябрь айынан өз каалоосу менен ээлеген кызматынан четтетилди. 2020-жылдын сентябрь айынан Стоматологиялык жана хирургиялык дисциплиналар циклы болуп түзүлүп. Цикл башчысы Султанов Мирбек Раимбердиевич 2021-жылдын 5- февралынан тартып ПЦК төрага кызматынан өз каалоосу менен бошотулду №512-ФХД/21 18.02.2021. Эмилов Кылычбек Абдрайымович 2021-жылдын 15-декабрынан тартып,аталган циклынын төрага кызматына дайындалган №735-ФХД21 09.03.2021. Эмилов Кылычбек Абдрайымович 2021-жылдын 19-октябрынан тартып аталган ПЦКнын төрагалык кызмат ордунан бошотулду. Батаев Абдилашим Асаналиевич 2021-жылдын 19-октябрынан баштап айкалыштыруучуокутуучу кызматтан туруктуу кызматка өтүү менен бирге аталган бөлүмгө төрагалык кызматына дайындалган 02.11.2021 “4280-ФХД21 02.11.2021. Мамаева Тамара Абдыкадыровна- медициналык колледжинин клиникалык бөлүмүнүн стоматология жана хирургиялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу (А.А.Батаев фармация адистигине бөлүм башчы болуп которулгандыгына байланыштуу), 2023- жылдын 1-февралынан тартып аталган колледжинин клиникалык бөлүмүнүн стомалогиялык жана хирургиялык дисциплиналар ПЦК башчылыгына дайындалып учурда иш алып барып жатат. Профессордук окутуучулук курамы. ОшМУнун медициналык колледжинин “Стоматологиялык жана хирургиялык дисциплиналар”ПЦКсында бардыгы болуп 37 окутуучу эмгектенүүдө. Алардын ичинен штаттык 33, биргелешкен штат 4, медициналык илимдердин кандидаты 2, саламаттыкты сактоонун отличниги 1 окутуучу эмгектенет. Азыркы мезгилде бардык окутуучулар айрыкча жаш окутуучулар ОшМУнун “Педагогдук билимин өркүндөтүү” курсун жана компьютердик, мамлекеттик тил боюнча атайын курстарды жана сынчыл ойлонуу курстарын өтүп билимин жогорулатып жатышат