GENERAL INFORMATION ABOUT SPECIALTIES

531100 Лингвистика багыты боюнча магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн нормативдүү мөөнөтү, күндүзгү окутуу формасында – 2 жыл. Бүтүрүүчүнүн даражасы – лингвистиканын магистри. Лингвистиканын магистри кесиптик ишмердүүлүгүн лингвистикалык билим берүү, маданияттар аралык коммуникация жана коомдук байланыштар чөйрөсүндө жүргүзө алышат; оозеки жана жазма котормо ишмердүүлүгү менен да алектене алышат. Магистрдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектиси болуп жалпы жана прикладдык тил илими, жеке тил илими, маданияттар аралык коммуникациянын теориясы жана практикасы, кытай тили жана маданияты эсептелинет. Ошондой эле лингвистиканын магистри илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн да жүргүзүшөт жана билим берүү мекемелеринде да иштей алышат.

532300 Кытай таануу багыты боюнча магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн нормативдүү мөөнөтү, күндүзгү окутуу формасында – 2 жыл. Бүтүрүүчүнүн даражасы – кытай таануунун магистри. Кытай таануунун магистри кесиптик ишмердүүлүгүн кытай таануу, дипломатия, маалыматтык аналитика, илимий изилдөө, билим берүү, маданият чөйрөлөрүндө жүргүзө алышат. Магистрдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектиси болуп Кытайда болуп жаткан социалдык, экономикалык, укуктук, демографиялык, лингвистикалык, маданий, диний ж.б. кубулуштар жана процесстер эсептелинет.