Жалпы билим берүү дисциплиналарынын коомдук илимдер кафедрасынын тарыхы

Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2006-жылдын 26-сентябрындагы №8-07 протоколунун чечиминин негизинде №352 лицензиясына ээ болуу менен юридикалык колледжи өз алдынча «финансы –юридикалык колледж» болуп түзүлүп, кийин 2007-жылдын 2-февралындагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин токтомунун чечими жана ректордун 2007-жылдын 13-февралындагы №49 буйругунун негизинде колледжде кесиптик билим берүү дисциплиналар жана жалпы билим берүү дисциплиналар цикли «жалпы билим берүү дисциплиналар» цикли ачылган.

2009-жылдын 12-сентябрында ректордун №472 буйругу менен «Жалпы билим берүү дисциплиналар» цикли «Жалпы билим берүү дисциплиналарынын гуманитардык жана табигый илимдер» болуп эки кафедрага бөлүнгөн.

2013-жылы 21-сентябрда ректордун №334 буйругу менен жалпы билим берүү дисциплиналарынын коомдук илимдер кафедрасы ачылды.