КАФЕДРАНЫН МИЛДЕТТЕРИ
- колледждеги НББПга ылайык адистиктерде педагогикалык-психологиялык билим берүү багытындагы дисциплиналар боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды алып баруу;
- окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;
- студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча комптенттүүлүктү (билим, билгичтик жана көндүмдөрдү) калыптандыруу;
- студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адис катарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;
- МЧБ, БББ адистиктердеги студенттерде алган билимдерин практика жүзүндө пайдалана билүүсүн калыптандыруу;
- окутууну практика менен тыгыз байланышта алып бару жана заманбап инновациялыкк технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү; - кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;
- кафедранын илимий-методикалык иштерин уюштуруу;
- окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу-усулдук колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;
- кафедранын багыттары боюнча илимий–изилдөө иштерин аткаруу;
- кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
- окуп-үйрөнүү, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
- студенттер үчүн маданий–тарбиялык иш-чараларды жүргүзүү.