Билим лицейи

«Билим» лицейи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, 2012-2013-окуу жылында ачылган. Алгачкы окуу жылында 10-11-класстарда 40 окуучу билим алып, 8 мугалим эмгектенген. 2013-2014-окуу жылында 121 окуучу 9-10-11-класстарда билим алган болсо, 2014-2015-окуу жылынан баштап 8-класстын окуучуларын да кабыл алып, 169 окуучу окуган. 2017-2018-окуу жылында жалпысынан 194 окуучу билим алышты. Быйыл 2018-2019-окуу жылында 143 окуучу билим алууда.

Лицей тѳмѳнкүдѳй төрт багытта билим берүү ишин жүргүзѳт:

· Биология жана химия предметтерин тереңдетип окутуу;

· Математика, информатика предметтерин тереңдетип окутуу;

  • Англис тили предметин тереңдетип окутуу;
  • Кытай тили предметин тереңдетип окутуу.