Кара- Суу гимназиясы

Ош мамлекеттик университетинин "Кара-Суу" гимназиясы ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси менен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү, Кара-Суу шаардык мэриясы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык, ОшМУнун ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438- буйругунун негизинде ачылып, 2018-2019-окуу жылына карата окуучуларды кабыл алган. Гимназия англис тили предметин тереңдетип окутуу менен, кошумча предметтик ийрим сабактарды окутуу менен Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо иштерин жүргүзүп келүүдө жана окуучуларга "улуттук тарбия жана заманбап билим" берүү менен жогорку интеллектуалдык инсанды калыптандырууну көздөйт. Бүгүнкү күндө 8-9-10-11- класстарда гимназияда 5 класс комплектиси ачылып, жалпысынан 65 окуучу билим алууда.