Окуу системасы

Окуучулар сынактын негизинде кабыл алынат. Сынак 7-класстын программасында окутулган тарых, кыргыз тили жана адабияты, математика сабактарынын негизинде тест түрүндө болот.

«Ыйман» гимназиясында окуу процесси келишимдик негизде жүргүзүлѳт.

Гимназияда окуучулар үчүн Түркия Диянет Фонду тарабынан окуу жылы ичинде атайын акысыз жатакана жана үч маал тамак-аш берилет. Жатакана кыздар жана балдар үчүн эки бөлүккө бөлүнүп, кыз балдар үчүн 2, эркек балдар үчүн 2 тарбиячы дайындалган. Тарбиячылар окуучулардын сабактарына жакындан көмөк көрсөтүшөт. Азыркы күндѳ окуучулардын жалпы саны 140 окуучуну түзүп, 7 класс комплект бар.

Бүтүрүүчүлөргө 11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат, Түркиянын Билим берүү министрлиги жана “Диянет” фонду тарабынан сертификат берилет.